Түрк басма сөзү 6.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

566219
Түрк басма сөзү 6.09.2016

«Хүррийет» гезити «Орчундуу диалог» деген маалыматында президент Эрдоган менен АКШнын президенти Обаманын Кытайдагы жолугушуусунда, Сириянын түндүгүнүн террористтерден тазалануусу үчүн Түркиянын жетекчилигинде баштатылган «Евфрат калканы» операциясы күн тартипке коюлганын жазган. «Мүнбич аймагындагы ПЙДликтер артка чегинди, бир гана «Сириянын демократиялык күчтөрү» аттуу уюмдун араб элементтери калды» деген Обамага Эрдоган: «Террордук уюм ПЙД чегингенине караганда Эркин Сирия армиясынын бөлүктөрү Мүнбичке кагылышпастан кирээрин туюнтат»,- деп жооп берди. Эрдоган Обамага: «Түркия, шериктеши АКШдан ЙПГ/ПЙДнин Евфрат дарыясынын чыгышына өтүүсү темасында чечкиндүү мамиле жасашын күтүүдө. ЙПГ/ПЙД террордук уюм ПКК менен бир жана чогуу. Башкаруучулугуңуз ЙПГ/ПЙД менен байланышын толук үзүшү керек»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Пекин менен Лондон ылдам байланышат» деген маалыматында Пекинден Лондонго чейин үзгүлтүксүз ылдам жүрүүчү поезд каттамы коридору үчүн Түркиянын кол койгондугун билдирген. Ушул максатта түзүлгөн Ашхабат декларациясына кол койгон транспорт министри Ахмет Арслан, Мармарай жана Явуз Султан Селим көпүрөсүнүн Темир Жибек жолу сыяктуу эл аралык транспорт максаттарынын маанилүү бир бөлүгү экенин баяндады. Пекинден Лондонго үзгүлтүксүз транспорт коридорун түзүү үчүн кол койгондордун арасында Түркмөнстандын транспорт министри Максат Айдогдуев жана Азербайжандын транспорт министринин орун басары Ариф Аскеров да бар. Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжан дүйнөлүк жактан чыгыш-батыш жана түндүк-түштүк багытында транспорт коридорлорунун курулуусу үчүн стратегиялык мааниге ээ.

«Стар» гезити «Меккеде кайгы жана кубаныч» деген маалыматында Фетуллахчы террор уюмунун төңкөрүш аракети убагында шейит болгондордун жакындарынын ажылык милдетин аткаруу үчүн ыйык жерлерге жеткендерин билдирген. Дин иштери төрагалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Азиззийе аймагында роза жана замзам суусу берилип тосулуп алынган шейит жакындары, мейманканаларга жайгаштырылды. Медиа органдарынын мүчөлөрүнө сезимдерин айтып берген ажылар, бир жагынан капа болуп экинчи жактан кубангандарын сөз кылышты.



Тектеш кабарлар