Түрк басма сөзү 2.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

563893
Түрк басма сөзү 2.09.2016

«Йени шафак» гезити «Досту душманды билдик» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын сот жылы жагынан Фетуллахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракети убагында жана андан кийин Түркия досун душманын, өзгөчө жашырынып күткөндөрдү көргөнүн жана билгенин айтканын жазган. Президент: «15-июль түнү дастан жазган улутубуз улуу эл жана жоопкерчилигибиз дагы да артты. 15-июлдан кийин оор басырыктуу болгон жоопкерчиликтерибизди мыйзам, аткаруу жана соттун негизинде бардыгыбыз чогуу орундатабыз»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Европа Биримдиги кеч калгандыгын мойнуна алды» деген маалыматында Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульцтун төңкөрүш аракетинен 45 күн өткөндөн кийин Түркияга келгенин жана Европа Биримдигинин мамилеси үчүн кечирим сураганын жазган. Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц премьер-министр Бинали Йылдырым менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында: «Өтө коркунучтуу террордук уюм менен бетме-бет келген өлкөдөн сөз кылып жатабыз. 15-июлда өлкөнүн бардык жерине болгон кол салууну көрдүк. Демократиялык жолдор менен шайланган президенттин чакырыгына эл кулак салды. 15-июлдан кийин Европа Биримдигинен жетиштүү колдоо көрбөгөнүнө байланыштуу сындоолорду уктум, керектүү каршылыкты көрсөтө алган жокпуз. Билбеген темаларды билүү мүмкүнчүлүгүбүз болду»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Экспортто эс алуу жок» деген маалыматында экспорттун көлөмү август айында 6,9 пайыз жогорулап, 11.1 миллиард долларга жеткенин билдирген. Өсүүгө эң чоң салым кошкон 1.6 миллиард доллардык экспорт көлөмү менен автомобиль сектору болду. Айрым заводдор жаңылануу үчүн август айында эс алууга чыкса да автомобиль чыгаруучулар экспортто тыныгуу берген жок жана 23,7 пайыздык өсүүгө жетишти. Автомобиль секторунун экспорту 1 миллирд 680 миллион доллар болду.

«Сабах» гезити «Маданият жана Анадолу туризмине басым жасалат» деген маалыматында альтернативдүү базар рынокторуна багыт алууну жана товарлардын көп түрдүүлүгүн арттырууну максаттаган Маданият жана туризм министрлиги, таанытуу иштеринде маданий көп түрдүүлүккө басым жасай турганын билдирген. Антальяда Түркия-Орусия медиа форумунда ишкерлер, туризм тармагынын алдыңкылары жана Туризм министрлигинин кызматкерлери орус медиасы менен жолугушту. Маданият жана туризм министрлигинин таанытуу боюнча башкы директору Ирфан Өнал, түрк туризминде деңиз жана күнгө маданият жана Анадолунун шаарларынын да кошулаарын белгилеп: «Жаңы жол картабызга маданият, соода, саламаттык сактоо жана Анадолу туризмин да кошуп, таанытууну ушуга жараша ишке ашырабыз»,-деди.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдору Румыниядагы үчүнчү жер болгон Клуж шаарына катттамдарын баштады» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун Румынияда Брюссель жана Констанцадан кийин үчүнчү жана жалпысынан алганда 291чи жер болгон Клуж шаарына каттамдарын баштаганын билдирген. Румынияда академиялык, маданий жана индустриялык жактан өзгөчө болгон Клуж шаарына алгачкы каттамын жүргүзгөн Түрк аба жолдорунун учагы «Ататүрк» аэропортунан учуп кетти. Клуж шаарына дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү жумасына төрт жолу эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.



Тектеш кабарлар