Түрк басма сөзү 1.09.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

563177
Түрк басма сөзү 1.09.2016

«Хүррийет» гезити «Эфкан Ала кызматтан кетти» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган менен премьер-министр Бинали Йылдырымдын Президенттик комплексиндеги күтүлбөгөн сүйлөшүүсүнөн кийин кабинетте кичине өзгөрүү болгонун жазган. Премьер-министр Йылдырым, ички иштер министри Эфкан Аланын кызматтан бошогонун билдирди. Йылдырым кыскача билдирүүсүндө, Эфкандын ордуна эмгек жана социалдык коопсуздук министри Сулейман Сойлу, ал эми Эмгек министрлигине болсо Адилет жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары, Бурса эл өкүлү Мехмет Мүэззиноглунун дайындалганын айтты.

«Стар» гезити «Президент Эрдоган Халебде майрамдын тынч өтүшү үчүн ишке киришти» деген маалыматында Түркия Сириянын курчоо астындагы Халеб шаарында ок атпоо камсыздалышы үчүн Курман айт майрамынын алдында аракет кылып жатканын билдирген. Кан төгүлбөгөн майрам жана 500 миңдей адамга гуманитардык жардамдын жеткирилиши боюнча АКШ менен Орусия аркылуу иш-чараларын улантууда. Президент Режеп Тайип Эрдоган, Кытайда Чоң жыйырмалыктын саммитинде оппозициячылдар үчүн АКШнын президенти Барак Обамага, ал эми Асад режими үчүн Орусиянын президенти Владимир Путинге «ок атышуулар токтосун»,- деп айтмакчы.

«Хабер түрк» гезити «Президенттен 4 тараптуу Европа саммити» атуу маалыматында президент Режеп Тайип Эрдогандын 4-5-сентябрда дүйнөлүк лидерлер чогула турган Чоң жыйырмалыктын саммитинде Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын презизиденти Франсуа Олланд жана Италиянын премьер-министри Маттео Рензи менен төрт тараптуу жолугушуу өткөрө турганын маалымдаган. Саммитте эки тараптуу мамилелер менен катар Европа Биримдиги-Түркия ортосундагы баш калкалоочуларга байланыштуу Артка кайтарып алуу келишими жана виза эркиндигинин күн тартипке коюлушу күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Орусиядан Антальяга жумасына 63 рейс жүрөт» деген маалыматында Түркиянын авиация башкы директорлугу, Орусиядагы аэропорттордон Антальяга жумасына 63 чартердик  рейстин жүргүзүлүүсүн бекиткендигин билдирди. Орусиядан Түркияга алгачкы чартердик каттамдардын 3-сентябрда ишке ашаары маалым болгондон кийин ушул билдирүү жарыяланды.

«Сабах» гезити «Венецияда фестиваль мезгили» деген маалыматында Италиянын Венеция шаарындагы Лидо жарым аралында уюштурулган 73-Венеция кинофестивалы кечээ кечинде башталганын билдирген. Фестивалдын алкагында түрк фильмдери да көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар