Түрк басма сөзү 29.08.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

561227
Түрк басма сөзү 29.08.2016

 

«Ватан» гезити «Алар качат биз кубалайбыз» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын 20-август ишемби күнү үйлөнүү той учурунда бомбалуу кол салуудан каза болгондун жакындарына көңүл айтуу, жаракат алгандарды көрүп коюу үчүн Газиантепке барганын жазган. Эрдоган 15-июль Демократия аянтында «Биримдик, ынтымактык жана туугандык» митингине да катышып элге кайрылды. Президент Эрдоган бардык террордук уюмдарды түп-тамыры менен жок кыла тургандарын айтып: «Террористтер кечээ эле Каркамыш аймагынын тынчын алып жатты эле эми биз кубалайбыз, алар качат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Төңкөрүш аракетинен кийин Европа Биримдиги жаңылыштык кылды» деген маалыматында Феталлахчы террор уюмунун 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга колдоо көрсөтпөгөн Европадан удаама-удаа «жаңылыштык кылдык» деген билдирүүлөр айтылып жатканын жазган. Швециянын мурдагы тышкы иштер министри Карл Бильдт Европа Биримдигинин 15-июлдан кийинки мамилесин сындап: «Европа Биримдиги жаңылыштык кылды»,-деди. Бильдт ушул жуманын ичинде Европанын алдыңкы ой пикир мекемелеринин биринин делегациясы менен Анкарага келет. Сапардын алдында Европа багытындагы Түркияга байланыштуу абалга сереп салган Бильдт, төңкөрүш аракетинин себебинен күз айлары үчүн пландалган сапарды жылдыргандарын түшүндүрүп жатып, Европа Биримдигинин жогорку кызматтагы жетекчилерин 15-июлдагы окуяга дароо түрк парламентине келип каршылык көрсөтпөгөндөрүн сындады. Бильдт Европа Биримдиги менен начарлаган диалогду калыбына келтирүү үчүн керектүү иштерди аткараарын айтты.

«Стар» гезити «Орусияга жашылча-жемиш экспорту» кайрадан башталат» деген маалыматында азык-түлүк жана мал чарбачылык министри Фарук Челиктин Орусия менен Түркиянын ортосундагы соода-сатык алакаларында жаңы оң мезгилге киргендерин белгилеп, бул өлкөгө эң кыска убакыттын ичинде айыл-чарба продукцияларынын экспорту баштала турганын билдирди. Челик: «Алдыбыздагы күндөрдө өзгөчө цитрус өсүмдүктөрүнүн мезгили башталып, бир канча айдын ичинде айыл-чарбага байланыштуу экспортубуз, потенциалыбыз, эки өлкөнүн потенциялы кайрадан абдан ылдамдайт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чартердик каттамдар аркылуу 700 миң орусиялык турист келет» деген маалыматында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Түркияга карай чартердик рейстерге уруксат берген токтомго кол койгонун жазган. Туризм менен алектенгендер бул маалыматка абдан кубанышты. Сезондун аягына чейин 700 миң орусиялык туристтин келиши күтүлүп жатат. Түрк куралдуу күчтөрүнүн 24-ноябрда орус Су-24 учагын атып түшүрүшүнөн кийин Орусия Түркияга чартердик каттамдарга тыюу салган болчу. Президент Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 9-августтагы жолугушуусунда, Түркияга чартердик катттамдардын кайрадан баштатылышы боюнча макулдашуу түзүлгөн.

«Сабах» гезити «Түркчө майрамына көркөмдүү жабылыш» деген макаласында Түркчө жайкы мектеп долбоорунун алкагында быйыл 46 өлкөдөн 540 окуучуну Түркиянын 16 шаарында коноктогон Юнус Эмре институту, программасын мурдагы күнү кечинде Стамбулда өткөрүлгөн «2-Эл аралык Түркчө майрамынын» жабылыш аземи менен туу чокуга чыгарганын жазган. 15-июль шейиттеринин жаркын элесине арналып уюштурулган «Адам жана түркчө» темалуу иш-чарада, чет элдик окуучулар дүйнөгө түркчө достук, тынчтык жана сүйүү билдирүүлөрүн айтты. Чет элдик окуучулар 1 айга созулган программанын алкагында 16 башка шаардагы университтерде Түркчө жайкы мектепти улантышты. Билим алууларын аяктагандан кийин Стамбулда чогулган окуучулар жабылыш иш-чарасын өткөрүштү.



Тектеш кабарлар