Түрк басма сөзү 26.08.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

559795
Түрк басма сөзү 26.08.2016

 

«Сабах» гезити «Түрк куралдуу күчтөрүнүн көлөкөсү жетиштүү болду» деген макаласында Сириянын Халеб шаарына караштуу Жераблустун террордук уюм ДЕАШтан тазалануусун жана ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГни Евфраттын чыгышына сүрүп чыгарууну максаттаган Түркия, 36 сааттын ичинде бир дагы аскери жабыркабастан ушул максатына жеткенин жазган. Жераблусту ДЕАШтан тазалаган Түркия ПЙД-ЙПГнин да Евфраттын чыгышына сүрүп чыгаруу үчүн орчундуу кадамдарды таштады. Операциянын Азез багытына карай кеңейиши күтүлүүдө.

«Йени шафак» гезити «Кош келдиниздер» деген макаласында Түркиянын чек аранын тышына танкалары, учактары, аскерлери менен чыгышы сириялык согушкерлерди абдан кубандырганын жазган. Эркин Сирия армиясынын согушкерлери жана Жераблус эли түрк аскерлерин «Кош келдиниздер» деп кубанычтуу тосуп алышты. Аскерлер менен сириялык оппозициячылдар жеңишти бири-бирлери менен кучакташып белгилешти.

«Хабер түрк» гезити «Хаккаринин эки бажы бекети кайрадан ачылууда» деген маалыматында өкмөт Хаккаринин Ирак жана Иранга ачылган жабык абалындагы эки бажы бекетин кайрадан ачууну чечкенин билдирген. Алар өткөн жылы террордук окуялардын себебинен убактылуу жабылган болчу.

«Хүррийет» гезити «40 курулушчу дүйнөнүн эң мыктыларынын арасында» деген маалыматында курулуш тармагынын эң мыктылары белгилүү болгонун билдирген. «Инжиниринг News Record» журналы тарабынан жарыяланган «Дүйнөдөгү эң мыкты 250 курулушчунун» тизмесине Түркиядан 40 компания кирди. Буга ылайык 65 компания менен тизмеде биринчи орунду ээлеген Кытайдан кийин Түркия экинчи орунун сактап калды. Үчүнчү орунда болсо 39 компания менен АКШ турат.



Тектеш кабарлар