Түрк басма сөзү-11.08.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

550010
Түрк басма сөзү-11.08.2016

«Сабах» гезити «Топтолуп келгиле» аттуу маалыматында Фетуллахчы террор уюму параллель мамлекет түзүмү (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин башталган демократия нөөмөттөрү 27 күндөн кийин соңуна чыгарылганын жазган.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Президенттик комплексте эл менен жолуга турганы угулган соң миңдеген анкаралык комплексти көздөй чубады. Президент Эрдоган, акыркы демократия нөөмөтүндө комплекстин ардак каалгасынын алдына курулган платформадан элге кайрылды. Бештепедеги ири митингде демократия нөөмөтүнө тыныгыуу берилгенин жарыялаган президент Эрдоган, террор уюмдарга жар салып: чыккынчылык нөөмөтүн ФЕТӨ таштаганда ПКК өткөрүп алууда, ал таштаганда ДЕАШ өткөрүп алууда. Булар чыккынчылык нөөмөттөрүндө тобу менен жок болушат. ПКК, ФЕТӨ, ДЕАШ, ПЙД тобуңуз менен келгиле, Алланын уруксаты менен бул улуттан ашып өтө албайсынар»-деди.

«Йени шафак» гезити «Ыймандуу оолуккан түрктөр» аттуу кабарында 15-июль түнү танкаларды коркпостон токтоткон улут менен сыймыктанганын баса белгилеген президент Эрдоган, 15-июлдагы шейит жана ардагерлерди сезимге толгон сөздөр менен эскергенин жазган.

 Танкаларга каршы көкүрөгүн тоскон баатырлар үчүн «ыймандуу оолуккан түрктөр» аныктамасын айткан Эрдоган, «Бул улут чекесинен өбүлүшү керек. Бул улут аныкталгыс. Кана баягы «оолуккан түрктөр» деп атышпайбы, бирок бул улут «Ыймандуу оолуккан түрктөр». Коркпостон танкаларга барышты. Эмне кылганын, эмнени кылып жатканын, эмне үчүн кылганын абдан жакшы билишет».

«Ватан» гезити «Батыш кылмыш менен кармалды» аттуу маалыматында Түркия экспортчулар ассамблеясынын мүчөлөрү менен Чанкая сарайында жолуккан премьер-министр Бинали Йылдырым, ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинен кийин айрым дос өлкөлөрдүн шашкалактап калгандарын белгилегенин жазган. Йылдырым кылмыш менен кармалгандарын баса белгилеп: «Улут катары бардыгыбыз бирге каршылык көрсөтүп, чоң балээни четке кактык. Чоң асыранды тобун жок кылдык. Атуулдарыбыздын арасына жикчилдик үрөнүн сепкен бир уюмду кулаттык»,-деди.

«Стар» гезити «Мыкаачы ПКК кайра процессте: 11-шейит» аттуу маалыматында Фетуллахчу террор уюму ФЕТӨнүн ишке ашпаган төңкөрүш аракетинен кийин кол салууларын күчөткөн ПККлык террористтер Шырнактын Улудере районунда жолго көмгөн жарылуучу затты жардырып, 4 аскер шейит болгонун жазды. Диярбакырда болсо 5 жаранды өлтүргөн чыккынчылар, Тунжелиде бир техникти, Мардинде да 1 полицияны шейит кылышты.

«Хүррийет» гезити «Дедеагачтан качкандар үчүн талап баратат» деген макаласында 15-июлдагы ишке ашпаган төңкөрүш аракетинин эртеси күнү тик учар менен Грециянын Дедеагач шаарына качкан 8 аскер туурасында кайтарып алуу процесси башталганын билдирген. Стамбулдун Республикалык башкы прокуратурасы Самандырадан Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык Скорский тик учары менен Грецияга качкан 8 аскердин Түркияга кайтарылышы үчүн даярдалган талапты грек органдарына жетирилиши үчүн Адилет министрлиги Эл аралык укук жана Тышкы байланыштар башкы директорлугуна жиберди. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Болгариядагы бир ФЕТӨнүн мүчөсүнүн кайтарлышы тууралуу ачыктоосунда, «Абдуллах Бүйүк аттуу бир ФЕТӨнүн мүчөсүнүн Болгариядан саясий башпаанек талап кылуусу болгар органдары тарабынан четке кагылды. Болгар органдары кайтарып берүү чечимин чыгарды жана ушул убакта Түркияга алып келе жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар