Түрк басма сөзү-2.08.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

543381
Түрк басма сөзү-2.08.2016

«Йени шафак» гезити «АКШ же Гүленди же 79 миллион түрк калкын тандайт» аттуу маалыматында вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш Америка Кошмо Штаттарынын достук жана шериктештиктин талабы боюнча Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетхуллах Гүленди кайтарып бериши керектигин айтканын жазган. Куртулмуш: «Эми мындай чечим чыгарууга аргасыз. Бир террористтин ошол жерде жашаганы жакшыбы же 79 миллион менен дос болгон жакшыбы?» деди.

«Хүррийет» гезити «АКШлык командирге ФЕТӨ делосу тапшырылды» аттуу маалыматта Анкарага келген АКШнын башкы штаб төрагасы генерал Жосеф Данфордго Түркия кайтарылышын талап кылган Фетуллах Гүлен тууралуу кеңири маалымат берилип кайтарлышы үчүн колдоо талап кылынганы орун алган. Башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар армия генералы Данфордго ФЕТӨнүн Түрк куралдуу күчтөрү жана мамлекеттин орчундуу бөлүмдөрүндөгү жашыруун уя салышына байланыштуу маалыматтарды камтыган делолор боюнча маалымат берди. Армия генералы Акар, Түркиянын Гүлендин расмий кайтарлышы талабына байланыштуу жазуу жана документтерди да Данфордго тапшырып, кайтарлышы үчүн анын өзүнөн да колдоо талап кылынды.

«Хабер түрк» гезити «Армия гереалы Акар; дагы эмне далил керек, далил менмин!» аттуу маалыматында АКШнын башкы штаб төрагасы, армия генералы Жосеф Данфорд башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар менен бирге Түркия Улуу Улуттук Жыйынында бомбаланган жерлерди кыдырып чыкты. Андагы абалды көрүп абдан капа болгонун айткан Данфорд, түрк калкына армия мүчөлөрүнө көңүл айтты. Түрк делегациясынын ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин кайтарылып берилиши талабын күн тартипке алып чыкканы боюнча Данфорд, АКШда укук системасынын ичинде талаптар жана далилдер эске алынып баа бериле тугагнын айтты. Данфорддун бул сөздөрү боюнча башкы штаб төрагасы Хулуси Акардын: «Дагы эмне далил, далил менмин!» деп карышылык көрсөткөнүн баяндаган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору баатырларды өлүмсүздөштүрдү» атуу маалыматында Түрк аба жолдору Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун тышкы каттамдар терминалындагы СIP (Commercially Important Person) залынын атын «15-июль демокртаия баатырлары» залы деп өзгөртүү чечимин чыгаргандыгын жазган. Түрк аба жолдорунун башкаруу кеңеши жана аткаруу комитетинин башчысы Илкер Айжы, Түркиянын 15-июлдун түнүндө абдан маанилүү процесстен өткөнүн белгилеп, бул тарыхый күндү ар дайым эскерүү үчүн ушул чечимди чыгаргандарын айтты. Түрк аба жолдору айрыкча ФЕТӨ терористтеринин мыкаачылык төңкөрүш аракетине каршылык көрсөтүп Босфор көпүрөсүндө уулу Абдуллах Таййип менен бирге каза болголн Эрол Олчоктун атын интернет паролу катары белгиледи.

«Ватан» гезити «Орусия менен нормалдашуу заказдардын каалгасын ачты» аттуу малыматында Стамбул кен жана металлдарды экспорттоочулар биримдигинин курулуш материалдары комитетинин башчысы Сердар Урфалылар Орусия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнашатардын оңдолушунун өлкөнүн соодасына жана курулуш секторуна оң салым кошо турганын белгилегенин жазган. Сердар Урфалылар: «Орусия 2015-жылы 7,2 миллиард доллар жана 2014-жылы 12,5 миллиард доллар курулуш материалдарынын импортун кылды. Орусиянын импортунда эң жогорку көрсөткүчтү да Түркия биринчи болгон болот, алюминий жана курулуш материалдары түзүүдө. Оңолгон карым-катнаштарыбыз менен Орусиянын курулуш материалдары импортунда дагы чоң үлүштү алууну каалайбыз»-деди.



Тектеш кабарлар