Түрк басма сөзү-28.07.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

539687
Түрк басма сөзү-28.07.2016

«Сабах» гезити «Гүлен кача электе АКШ кармашы керек» аттуу маалыматында Түркиянын ФЕТӨнүн корбашчысы Фетхуллах Гүлендин кайтарылышына жооп бербестен кошумча далил сураган АКШга шашылыш шартын көрсөткөн кошумча далилдерди сунуштаганын маалымдаган. Ушундайча Гүлендин камакка алынышы үчүн акыркы тоскоолдук да ашылып өткөн болду. Делолордо Гүлендин акча өөнөп алуу, олуттуу алдоо, расмий документтерди жасоо, жеке турмуштун жашыруундугун бузуу жана терор уюмун куруу, башкаруу кылмыштарынан изделгени белгиленген. Гүлендин төңкөрүш аракетине байланыштуу 5-дело да даярдалууда. Премьер-мнистр Бинали Йылдырым: «Төңкөрүшкө катышкан аскерлер булбул сыяктуу сайрап, төңкөрүштүн лидеринин Фетхуллах Гүлен экенин моюнга алышты. АКШны бул террор уюмунун лидерин жактай турганына ишенбейбиз» деди.

«Йени шафак» гезити «АКШ бийликти бузуп жатат» аттуу маалыматында 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде АКШ-ФЕТӨ кызматташтыгын чечмелеп берген кабарлар АКШнын шаштысын кетиргенин баяндаган. Кабарды төгүнгө чыгарууга аракет кылган АКШнын Башкы штаб төрагасы Жосеф Данфорд пенсиядагы армия генералы Жон Кэмпбеллдин төңкөрүштү өзү даярдап башкарганы жөнүндөгү суроолорго жооп бербестен аттап буттап жооп берди. Данфорддун «Бул кабардын кайдан келгенин чындап эле билбеймин» жөнүндөгү жообу бир нерселерди жашырып жатканын моюнга алуусу жөнүндө сереп салынды.

«Стар» гезити «ФЕТӨнүн кандаш тууганы ПКК» деген маалыматында 15-июлдагы кандуу төңкөрүш аракетинин алдында казган аң жана тосмолорго көмүлгөн ПККлык террористтер төңкөрүштүн четке кагылышы менен жарга такалган ФЕТӨ үчүн шаарга келгенин маалымдаган. «Полицияга кол салуу» буйругун алган террористтер Вандын Эдремит районунда аң казуу жана тосмо куруу кыймылын кайрадан баштады. Кандилден террористтерге жиберилген буйрукта террористтердин шаарга түшүүлөрү, мина көмүү, чуңкур жана тосмо куруулары талап кылынды. Кандилдин эң көңүлдү бурган буйругу болсо төңкөрүшчүлөрдү токтоткон полициянын бутага алынышы болду.

«Хүррийет» гезити «Экономикага сокку урууга да эл бөгөт койду» аттуу маалыматында вице-премьер Мехмет Шимшек Фетуллахчы террор уюуму ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине бөгөт койгон улуттун рыноктордогу төңкөрүшкө да бөгөт койгонун айтты. Шимшек атуулдардын 9 миллиард доллардан ашуун валютасын алмаштырып түрк лирасына өткөнүн, мунун абдан манаилүү болгонун белгилеп «Системанын төңкөрүш өндүрүп чыгыышына бөгөт боло турган реформа кылабыз»-деди. Бир тараптан Түркияда твиттер колдонуучлардын төңкөрүш аракети тууралуу бөлүшүүлөрү 15-июль түнүндө 35 эсе көбөйүп рекордго жетишти.

«Ватан» гезити «Биз кармап атабыз алар кое берүүдө» деген маалыматында террор уюму ДЕАШтын Франциянын Нормандия аймагындагы чиркөөгө кол салууда кечилди өлтүргөн киши француз жараны Адил Кермиче болуп чыкты. ДЕАШчынын Түркия тарабынан Сирияга барууга аракет кылып жатканда кармалып Францияга жиберилгени маалымдалды. Анкаранын Францияга өткөрүп берген Кермиченин бир канча ай абакта кармалып, кийин эркин кое бергени белгиленди. Түрк органдар ушул убакка дейре арасында Париж жана Брюссель кол салууларын кылган ысымдар да орун алган европа тектүү көп сандаган ДЕАШчыны Сирияга кирүүгө аракет кылган жеринен кармап туруп өлкөлөрүнө кайтарып берген. Ал эми европалык коопсуздук органдары ар дайым коопсуздукка коркунучу жок деген себеп менен бул кишилерди эркин кое берген.

 

 



Тектеш кабарлар