Түрк басма сөзү-19.07.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

532769
Түрк басма сөзү-19.07.2016

«Йени шафак» гезити «Улут нөөмөттө» аттуу маалыматында аттуулдардын Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨгө мүчө аскерлердин төңкөрүш аракетине каршы өлкөнүн бардык жеринде демократия нөөмөтүн кылышы уланганын жарыялаган. Президент Режеп Таййип Эрдогандын «Коркунуч бүтө элек, аянттарды бош калтырбагыла» деген чакырыгына кулак салган аял, эркек, кары-жашы дебестен жүз миңдеген атуулдар, жума күндөн бери түнү менен аянттарды толтурушуп «демократия нөөмөтүнө» чыгышы уланды. Көз карандысыздыктын символу болгон Түркия желектери менен аянттарды толтурган, демократияга жана улуттук эркке өздөрү даярдашкан плакаттар менен колдоо көрсөтүшкөн атуулдар Эдирнеден Ванга чейин, Анкарадан Диярбакырга чейин бардык облустарда аянттарды кызыл-ак түскө бөлөдү.

«Стар» гезити «Учкучтардын даңазалуу каршылыгы» аттуу маалыматында ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинин ийгиликсиз болушунда, аскерлердин бир тобунун чечкиндүү турушу таасирдүү болгонун жазып чыкты. Төңкөрүшкө бөгөт коюуга аракет кылган айрым аскерлердин Анкараны аткан учактарга күйүүчү май жана ок-дары жүктөөнү четке каккандары, учактардын учууларына бөгөт койгондору белгилүү болду. Төңкөрүшчүл офицерлерге штаб катары колдонулган 4-Башкы реактив база командирлигинде учактарга бомба жана күйүүчү май жүктөө боюнча милдеттүү кызматкерге «Түркиянын келечеги үчүн маанилүү аба кыймылы бар» деп айтылды. Учак кароочу кызматкер, ошону уккандан кийин учактарды ок дары менен толтурду. Учактардын Акынжы базасынан учуулары аба радар командирликтеринде жерлери белгиленди. Бул нормалдуу болбогон абал боюнча учкан Ф-16ларга рациялар менен байланышууга аракет кылынды. Бирок учкучтар чакырыктарга жооп берген жок. Учуулардын мыйзамсыз болгону жана базаларына кайтуулары боюнча буйрук берилди. Учкучтардан бирөө «буйрукту флот командиринен алабыз» деп рация каналын жаап салды.

«Сабах» гезити «Түрк лирасы да төңкөрүш аракетине туруштук берди» деген маалыматында  эл көчөлөрдө четке каккан ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине базарлар да туруштук бергенин жазган. Түркияны базарлары жабык болгон жума кечинде 5-8 жылдын эң чукул жогорулоосун көрсөткөн 1 доллар 3 лирадан ашып кеткени, жуманын алгачкы иш күнүндө чукул төмөндөө менен башталганын белгилеген. Доллар 3 пайыздай кунун жоготуп 2 лира 92 курушка чейин түштү. Жума күнкү кунун жоготуусунун жарымынан көбүн кайтарып алган түрк лирасы, түштөн кийинки биржадагы чоң толкундоолор менен 2 лира 96 курушка чыкты.

«Хабер түрк» гезити «Өндүрүүбүздү жана демократия нөөмөтүбүздү улантабыз» деген иш дүйнөсүнүн 12 бейөкмөт уюму, төңкөрүш аракетине каршы биргелешкен маалымат жарыялашканын баяндаган. Анда «Төңкөрүш аракетинин кулатылышынын орто жана узун мөөнөттө өлкөбүздүн экономикасына оң чагылыштары боло турганын ойлоодобуз. Биз да иш дүйнөсү катары өндүрүүбүздү жана демократия нөөмөтүбүздү улатабыз» делди. Коч, Сабанжы, Aкфен, Kузу Груп, Kибар холдинг сыяктуу экономика дөө-шаалары да «инвестицияны улантабыз» дешти.



Тектеш кабарлар