Түрк басма сөзү-14.07.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

529299
Түрк басма сөзү-14.07.2016

«Стар» гезити «Батыш, террор уюмунун кылган кылмыштарынын фотосөрөттөрүн да көргөзмөгө койсун» аттуу маалыматында бейкүнөө калкты кырган ПКК террористтеринин үгүттөөсүн кылуудан баш тартпаган эки жүздүү Европага каршы чыгуу күчөп баратканын жазган. «Менин террористим жакшы» деген Европа Парламенти, бул мамилеси менен кары-картаң, аял-бала дебестен Түркияда бейкүнөө адамдардын канын төгүүсүн улантып жаткан террор уюму ПККга колдоо көрсөткөнүн расмийлештирди. Европанын бул мамилеси, жүздөгөн карапайым калкты кыргынга учураткан террор уюмунун Анкарадагы Гүвенпарк, Мерасим көчөсү жана Сатмбул Везнежилердеги кол салуулары сыяктуу жүздөгөн карапйым адам каза болгон топтуу кыргындарына колдоо көрсөткөнүнүн белгиси болду.

«Йени шафак» гезити «Учак жүргүнчүсү 6 айда 80 миллиондон ашты» деген маалыматында аба жолу жүргүнчү саны июн айында 14 миллион 700 миң кишиге жетти, жылдын алгачкы 6 айында аба жолу менен саякат кылгандардын саны 80 миллион 600 миң кишиген жеткенин жазган. Июн айында аэропортторго конуп учкан учак транспорту, ички каттамдарда 79451, тышкы каттамдарда 50144 болгону белгиленди. Бул мезгилде 32995 деп белгиленген транзит өтүүлөр менен кошкондо бардыгы 162590 учак тейленди.

«Ватан» гезити «Кытайлык ZTEнин уюлдук телефонун түрк "Атмажа" фирмасы өндүрөт» аттуу маалыматында Sunny маркасы менен телевизордон тартып уюлдук телефонго чейин бир топ товарда дүйнөлүк дөө шааларга атаандаш болгон Атмажа электроника, кытайлык ZTE үчүн уюлдук телефон өндүрүп чыгара турганын маалымдаган. Үстүбүздөгү  жылдын биринчи чейрегинде 3 миллиард 400 миллион доллар сатышы болгон ZTE; AXON жана  Blade үлгүлөрү менен телефон базарына өз салмагын салмакчы. Атмажа дүйнөнүн эң ири смартфон чыгаруучуларынан болгон ZTEнин айрым үлгүлөрүн Стамбулдагы ишканасында жасап чыгарат. Эки фирманын адистери 18-июлда өткөрө турган жыйналышта кызматташуусунун кеңирисин жарыялашат.

«Сабах» гезити «Падышалардын ырлары окурмандарга жетти» деген маалыматында Стамбул мэриясынын акын Осмон падышаларынын ырларын бир китепте чогултканын жазган. «Сарайдан ырлар» ваттуу китепте 25 осмон падышасынын ырлары орун алды. Маркум тарыхчы Вахид Чабук тарабынан жазылган китептеги ырларда мистика, ишенич, легенда жана сүйүү темалары алдыңкы орунга коюлган. Китептеги маалыматтарга караганда Осмон падышаларынан айрымдары жыгач усталыкта же зергерликте, айрымдары музыкада же ырда маанилүү чыгармаларды жараткан.

«Хабер түрк» гезити «Стамбулда балдар үчүн жаз» аттуу маалыматында 23-Стамбул жаз фестивалы быйыл бала угуучулардын да үмүтүн жандырганын баяндаган. Балдар 16-июлда боло турган концерттер жана семинарлар менен музыкага болгон жөндөмдүүлүктөрүн табышат жана көңүл ачышат.  Балдар көңүл ачып жатышканда билим берүүнү максаттаган иш-чаралардын арасында «Соло Жаз жана Чарльстон бий семинары да орун алат. Ошол эле күнү 12 жаштагы жаш пианист Хакан Башар да концерт берет. Семинарларга катыша турган билеттүү көрүүчүлөрдүн rezervasyon@iksv.org дарегине электрондук почта жиберүүлөрү керек.

 



Тектеш кабарлар