Түрк басма сөзү 30.06.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

521576
Түрк басма сөзү 30.06.2016

«Стар» гезити «Путинден Эрдоганга чакырык» деген макаласында учак кризисинен соң президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путинге жөнөткөн катынан кийин эки лидер телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн жазган. Орус лидер: «Кайрадан сүйлөшүп жатканым үчүн кубанычтамын. Учурдагы кырдаал эки өлкөгө тең пайда алып келбейт. Жаңы барак ачалы»,- деди. Эрдоган менен Путин эки тараптуу алакалардын номалдашуусу жана бетме-бет сүйлөшүү темасында макулдашышты. Эки лидердин 4-5-сентябрда Кытайда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинин алдында жолугушуусу пландалууда.

«Хабер-түрк» гезити «Газанын майрамдыгы да Түркиядан» деген маалыматында Израиль менен мамилени оңдоо жараянаны башталгандан кийин Газага гуманитардык жардам алып бара турган «Lady Leyla» атуу кеменин Мерсин портуна токтогондугун билдирген. Эртең түшкү убактарда Газага жол тартышы пландалган кеменин жүгү, Рамазан майрамы үчүн кайрадан жаңыланды. Буга караганда 10 миң тонналык азык-түлүктүн көлөмү 11 миң тоннага көбөйтүлөт. Каропкаларга 500 тонна суумай кошулат. 20 миң бут кийим менен катар жалпы 120 миң кийим-кече жөнөтүлөт.

«Сабах» гезити «Стамбул үчүн, Түркия үчүн дуба кылгыла» деген макаласында дүйнөгө таанымал ысымдар да Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда болгон террордук кол салууга каршылык көрсөткөндөрүн жазган. Мадонна социалдык медиа баракчасынан террорду айыптап «Стамбул үчүн, Түркия үчүн дуба кылгыла» деген билдирүүсүн жарыяласа, атактуу англиялык модель Наоми Кэмпбелл да гүл түрүндөгү ак кызыл түрк желеги менен бирге «Дубаларым жана сүйүүм Стамбул менен Түркия үчүн» деген билдирүүсүн жөнөттү. Ошондой эле көптөгөн атактуу адамдар твиттер аркылуу көңүл айтышты.

«Йени шафак» гезити «Кытай менен атомдук кызматташуу» деген маалыматында Түркия атомдук энергия жана технолгия тармагындагы иш-чараларын Кытай менен кызматташып дагы да күчтөндүрүүгө даярданып жатканын билдирген. Энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак менен Кытайдын улуттук энергетикалык башкаруу директору Нур Бекринин ортосунда атомдук энергия тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Макулдашуу келишими атомдук технологиялар жана атомдук кызматташуунун эки тараптуу түрдө өнүктүрүлүшүн камтыганы белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Айше Кулинге сыйлык» деген маалыматында Италиянын эң престиждүү адабият сыйлыктарынан Premio Romaда эң мыкты чет тилдеги роман сыйлыгы Айше Кулиндин «Стамбулга акыркы поезд» аттуу романына берилди. Ушул күнгө чейин англис, француз, немис, португал, кытай жана нидерланд тили менен катар 34 өлкөдө басылып чыккан роман АКШда да 200 миңден ашуун сатылды.



Тектеш кабарлар