Түрк басма сөзү-17.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

492772
Түрк басма сөзү-17.05.2016

«Хабер түрк» гезити «Түркияда концерт бергим келет» аттуу мажбурлап көчүрүлгөн Крым татарларынын аңгемесин түшүндүргөн «1944» аттуу ыры менен Евровидение ыр сынагын жеңип алган Татар тектүү украиналык Жамала «Хабер түрк» каналына берген маегинде президент Режеп Таййип Эрдоган өзүнө телефон аркылуу байланышып куттуктаганын жана Түркияга чакырганын айтканын баяндаган. Алгачкы мүмкүнчүлүктө Түркияга келе турганын жана президент Эрдоган менен жолуга турганын билдирген Жамала, «Түркияда концерт бергим келет. Түркиядагы татарларга ыр ырдагым келет. Алардын аңгемелерин уккум келет»,-дегенин берген.

«Йени шафак» гезити «ДЕАШка каршы турган армия АКШнын ПЙД өжөрдөнүүсүнө такалды» аттуу маалыматында Сирияда террор уюму ДЕАШка каршы согушуу үчүн түзүлүшү паландалып жаткан чоң армия АКШнын террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДнын колдоосуна такалганын жазган. Халебдин түндүгүндө ДЕАШка каршы согушууга 30 миң кишилик «Түндүк армиясы» түзүлдү. Асад армиясынан бөлүнгөн оппозициядагы генералдын башкаруусунда чогулган армияга 20дан ашуун куралчан топтор колдоо көрсөтмөкчү.

«Ватан» гезити «Түйүндү Түрк аба жолдору чечти» аттуу маалыматында  АКШнын чечүүчү жер катары көрсөтүлгөн Атланта да Түрк аба жолдорунун учуу желесине кошулганын жазган. Түрк аба жорлдору жүргүнчү тарнспортунда дүйнөнүн эң көп учак конгон аэропорту болуп кабыл алынган Атланта Хэртшфиелд жексон эл аралык аэропортуна Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунан түз каттамдар кечээ башталды. Дүйнөдө сан жагынан эң көп өлкөгө сапары болгон глобалдык аба жолу болгон Түрк аба жолдору, трансфер борбору Стамбул аркылуу 100дөн ашуун өлкөдөгү 300 чакты станцияга каттамы бар.

«Стар» гезити «Туризмди Иран менен ортоктошо таанытуу планы» аттуу маалыматында эмбаргодон кутулган Иран менен экономикалык тармакта кызматташуулар көбөйүп жатканын маалымдаган. Маданият жана туризм министри Махир Үнал, инвесторлор менен бирге жасаган Иран сапарынын жыйынтыктарына баа берди. Ирандын туризм инфраструктурасы курулуусун жана эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн сөз кылган Үнал, Иран менен биргелешип таанытуу иштерин аткара тургандарын айтты.

«Сабах» гезити «Газа фестивалында 66 кино көрсөтүлдү» деген маалыматында дүйнө жүзү Франциянын түштүгүндөгү Канн кино фестивалын сүйлөшүп жатканда Израилдин блокадасы астындагы Газада да кино фестиваль уюштурулганын маалымдаган. Анда бейшемби күнү башталган Газа адам укуктары кино фестивалынын экинчиси 5 күндүк фильм көрсөтүүлөрдөн кийин соңуна чыкты. 12 кино, 17 даректүү тасма, 30 кыска метраждуу тасма менен 7 мультфилм көрсөтүлгөн фестивалдын девизи болсо «Дем алгыбыз келет» деп аталды.



Тектеш кабарлар