Түрк басма сөзү 9.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

487148
Түрк басма сөзү 9.05.2016

 

«Хүррийет» гезити «Европада Эрдогандын каршылык көрсөтүүсүнүн чагылуулары уланып жатат» деген маалыматында Европа Биримдигинин түрк жарандарына виза эркиндиги үчүн террорго каршы күрөшүү мыйзамын өзгөртүү шартына каршы чыккан президент Режеп Тайып Эрдогандын: «Террордук кол салуулар күчөп жатканда биз эч нерсени өзгөртө албайбыз. Силер өз жолуңарга кеткиле, биз өз жолубузга кетебиз» деген сөздөрүнүн чагылуулары уланып жатканын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Террордук уюм ПЙДге да аскердик жооп кайтаруу эрежелери жолдо» деген маалыматында Түркия террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД үчүн да аскердик жооп кайтаруу эрежелерин колдонууга даярданып жатканын билдирген. Түркия ПЙД тараптан кандайдыр бир кол салуу болгон учурда чек аранын тышындагы ПЙД кантондорун аткыламакчы.

«Стар» гезити «Түркиядагы миллионерлердин саны өсүүдө» деген макаласында экономикадан жакшы маалыматтар келип жатканын жазган. Түркиядагы банктарда 1 миллион лиралык депозиттик эсептердин саны 2012-жылы биринчи чейректе 46 миң 695 болсо, арадан өткөн 5 жылда 102 пайыз өсүп, 94 миң 529га жетти. Банк иштерин тартипке салуу жана көзөмөлдөө мекемесинин көрсөткүчтөрүнө таянып берилген маалыматтарга караганда, өлкөнүн ичиндеги жарандардын банктардагы жалпы депозиттик эсеби болсо акыркы 5 жылда 78 пайыз өсүп, 1 триллион 186 миллиард 549 миллион лирага жетти.

«Хабер түрк» гезити «Саякатчылардын жолу Стамбул аркылуу өтүшү керек» деген маалыматында саякат сайты Трипадвизор белгилеген дүйнөдөгү саякатчылардын көпчүлүгү тандаган 10 шаардын тизмесинде Стамбул быйыл 2 баскыч жогорулап Лондондон кийин экинчи болгонун билдирген. Стамбулдун тандалышынын себептеринин арасында божомолдонгону сыяктуу тарыхый жана маданий баалууктары, бай ашканасы, көңүл ачуучу жашоосу жана жардам берүүнү сүйгөн түрк эли деп тизмеледи. Бул тизме сайттын колдонуучуларынын добушу менен аныкталууда.

«Сабах» гезити «Оюн секторунун фабрикасы Анкарада» деген макаласында Анкарадагы жергиликтүү бир фирма, дүйнө жүзү үчүн оюн парктарын өндүрүп шаарларга көрк кошконун жазган. Оюн парктары секторунда лидер болгон бул фирма, 63 өлкөгө экспорту менен базар рыногунун 17 пайызына басымдуулук кылууда. 400гө жакын кызматкери менен сектор катары Европада экинчи орунду ээлеген жергиликтүү фирма «Парк кент», дүйнөдөгү бардык жерлерге оюн жана парк аянттарын түзүүдө. Фирманын учурдагы максаты болсо Америка материги. «Парк кент» АКШнын Хьюстон шаарында өз өндүрүшүн түздөн-түз АКШ базарына таанытуу жана сатуу үчүн иш-чараларды баштатты.



Тектеш кабарлар