Түрк басма сөзү-05.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

485048
Түрк басма сөзү-05.05.2016

«Сабах» гезити «Визасыз Европа каалгасы ачылды» аттуу маалыматында ЕБ Комиссиясы Түркия атуулдары үчүн визалардын эң кеч июнь айынын акырында жоюлушун талап кылган сунуш токтомун чыгарганын маалымдаган.

Гезит Түркиянын виза үчүн керектүү 72 критерийден 67син камсыздаганын баса белгилеген сунуш мүнөзүндөгү бул токтом, Европа Парламенти жана ЕБ Кеңешинин бекитүүсүнө сунушталат. ЕБ боюнча министр Волкан Бозкыр, ЕБ менен визасыз режим үчүн орундатылышы керек болгон критерийлерден бири болгон террор менен күрөшүү боюнча өзгөртүү киргизүүнүн орундатыла албай турганын жарыялады. Бозкыр: «ушундай бир өзгөртүү саясий жактан жана абийир жагынан мүмкүн эмес»,-деди.

«Йени шафак» гезити «ПКК, ДЕАШ сыяктуу мыкаачы» аттуу кабарында Түркия, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө Сириянын мыйзамдуу оппозициясынын ордуна ПКК террор уюмунун Сириядагы уландысы ПЙД менен бирдей мамилеге өткөн өлкөлөргө каршы дипломатиясын баштаганын жазган. Түркия ушул алкакта ПЙД жана ДЕАШтын «кыймыл окшоштугун» ортого салат. Анкара АКШ жана Европа менен катар мусулман өлкөлөргө бул мисалдарды берет; «1-ПЙД дагы ДЕАШ дагы оппозициячылдардын сөөктөрүн унааларга толтуруп алып кыдырууда. 2-бул эки уюм тең жанкечтилер аркылуу жарандарды кырууда жана бомбалуу унаалар менен кол салууда. 3-ДЕАШ, Килиске катюша ракетасын атууда. Катюшалар Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында ПКК тарабынан колдонулууда.

«Ватан» гезити «Изарилдин НАТО офисине 6 жылдан кийин бекитүү» аттуу маалыматында Анкара, Израилге НАТО жакшылыгын кылганын баяндаган. Анкара, Израилдин Түндүк Атлантика келишими уюмунун Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги борборунда өкүлдүк ачуусуна макулдугун берди. Израилдин өкүлчүлүк ачуу талабы, 2010-жылы 9 түрк жараны каза болгон «Мави Мармара» кол салуусунан кийин Анкара койгон ветонун себебинен токтотулган. Түркия «Мави Мармарадан» кийин Израилдин НАТОнун биргелешкен машыгууларына катышуусун вето кылган. Бул учурда Изиаль жана Түркиялык кызматкерлер карым-катнаштардын нормалдашуусу үчүн ушу айдын ичинде дагы бир жолу жолугат.

«Миллийет» гезити «ТАНАПта чоң үлүш түрк курулушчуларына тийди» аттуу маалыматында Азербайжандын жаратылыш газын Европага ташый турган ТАНАПтын башкы директору Дүзйол: «Долбоор эң көп түрк курулушчуларга жана түтүк чыгаруучу фирмаларга жарады. ТАНАПта чоң үлүштү 80 пайыздык иш көлөмү менен түрктөр алды»,-деди.

«Хабертүрк» гезити «Эми болсо 3D мозаика» аттуу маалыматында Хатайдагы аркандуу жол тартуу иштери убагында табылган «скелет» мозаикасынын артынан орто эсеп менен 2 миң жыл мурдагыга таандык жаңы мозаикалар табылганы белгиленди. Ал эмес бул мозаикалар 3 өлчөмдүү жана айрымдарынын бетинде аны жасаган искусство чеберинин колу коюлган. Мисал үчүн 1800 жылдык мозаикада мифологияда дастандын жана ырдын периси болгон Kaлиоппе жана Гесиод сүрөттөлгөн.



Тектеш кабарлар