Түрк басма сөзү 2.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

482512
Түрк басма сөзү 2.05.2016

«Сабах» гезити «Тынч өткөн 1-май» деген маалыматында 1-Май Эмгекчилердин тилектештик күнүнө карата майрамдоолор Стамбулда расмий иш-чара аянты катары белгиленген Бакыркөйдөгү Элдик базар аянтында өткөрүлгөнүн маалымдаган. Майрамдык иш-чарага профсоюздар, конфедерациялар менен көп сандаган бейөкмөт уюмдар катышты. Бакыркөйдөгү 1-майга карата иш-чаралар майрамдык маанайда өттү.

«Хүррийет» гезити «Европага визасыз саякат үчүн орчундуу 48 саат» деген макаласында Түркиянын Европа Биримдигинен эң маанилүү күтүүлөрүнүн арасында орун алган виза режими темасы орчундуу баскычка келгенин жазган. Анкара болсо түрк жарандарына Шенген аймагына кирүүдө виза эркиндигин киргизүү үчүн орундатышы шарт болгон критерийлерди камсыздоого аракет кылып жатат. Европа комиссиясынын 4-майда жарыялай турган баа берүү отчетунда виза режими жөнүндө оң сунуш айтышы үчүн алдыбыздагы 48 саат белгилөөчү болмокчу. Парламент шарттарды орундатуу үчүн абдан аракет кылат.

 «Стар» гезити «Султан Абдулазиз 149 жылдан кийин кайрадан Парижде» деген маалыматында Осмон падышасы болгон Султан Абдулазиздин эскиздик чиймелери жана картиналары орун алган көргөзмө, Париждеги Фредерик-Муазан галереясында искусство сүйүүчүлөрүнүн назарына коюлганын билдирген. Осмон султандарынын арасында биринчи жолу Европага сапар жасаган Султан Абдулазиз 149 жыл мурда Парижге барып саясий, коомдук жана маданий чөйрөлөр менен байланып түзгөн жана Стамбулга кайтып келгенде көркөм өнөр ишканаларын курган. Абдулазиздин эскиздик чиймелеринин көргөзмөсү эми Лондондо уланмакчы.

«Хабер түрк» гезити «Түркия 3D принтери аркылуу F16 шайманын өндүрөт» деген маалыматында АКШ, Германия жана Орусиядан кийин Түркияда 3D металл принтер менен кошумча шайман өндүрүлө турганын жазган. Ушундайча чыгымдар 90 пайыз төмөндөйт. Түркияга алып келинген бул чоң принтер аркылуу оор өнөр жай жана коргонуу өнөр жайынын кошумча шайман маселеси да чечилген болот.



Тектеш кабарлар