Түрк басма сөзү-28.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

480293
Түрк басма сөзү-28.04.2016

«Стар» гезити «Хорватия менен 1 миллиард доллар» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган Хорватия-Түркия ишкерлер форумунда сүйлөгөн сөзүндө 2006-жылы 270 миллион доллар болгон эки тараптуу соода көлөмүнүн, эми кризистерге карабастан орто эсеп менен 355 миллион долларга жогорулаганын, максатынын болсо 1 миллиард доллар болгонун белгилеген. Президент Эрдоган Загребде Хорватиянын президенти Колинда Грабар Китарович менен бирге катышкан форумда Түркия жана Хорватиянын келечекке карай бекем пайдубал түптөө чечкиндүүлүгү бар экенине ишенгенин билдирди.

«Сабах» гезити «ДЕАШтын 800 миилион доллары учуп кетти» деген маалыматында Америка Кошмо Штаттарынын жол башчылыгындагы коалиция учактарынын, террор уюму ДЕАШка таандык накталай акча сактаган жайларын бутага алып, террор уюмунун 800 миллион долларын жок кылганы жарыяланганын маалымдаган. Багдадда кызмат өтөгөн АКШлык генерал-майор Питер Герстен, жалгыз гана Мусулдагы сактоочу жайда 150 миллион доллар, бардыгы болсо 800 миллион доллардык накталай акчанын жок кылынганын жарыялады. Англиянын ВВС мекемесине маек куруп берген Герстен: «Уюмдан качкандардын санында 90 пайыздык өсүү бар. Айрым террористтер аял кейпине кирип алып, качкындардын арасына аралашып кетүүгө аракет кылышууда. ДЕАШка кошулгандардын саны да айда 2 миңден, 200гө чейин азайды»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Атактуу музыканттар, сириялыктар жашаган лагерлерде музыка сабагын берүүгө даярданууда» аттуу маалыматында мүчөлөрүнүн арасында Таркан, Теоман, Йалын, Сезен Аксу, Кенан Догулу, Гөксу, Сердар Ортач, Гүлшен, Атена, Грипин, Ханде Йенер сыяктуу бир топ атактуу ырчылар орун алган Музыкалык чыгармалардын ээлери кесиптик биримдиги (MSG), сириялыктар жашаган лагерлерде музыка билимин берүү үчүн долбоор иштеп чыккандарын маалымдаган. Бул тема тууралуу өкмөт башчы Ахмет Давутоглуна да маалымат берилди. Долбоордун алкагында өлкөсүндөгү жарандык согуштан качкан сириялыктар баш калкалаган качкындар лагеринде түзүлө турган музыка класстарында ар бир жума сайын бир музыкант сабак берет. Пилот облус катары акыркы мезгилде ракеталардын бутасы болгон Килис тандалды. Бул иш-чара андан соң башка облустарга да жайылат.

«Йени шаыак» гезити «Галатасарай Европа Чемпиону»  аттуу маалыматында баскетболдо Галатасарай Одеобанк УЛЕБ Европа кубогунун финалынын экинчи оюнунда француз өкүлү Страсбургду 78-67 упай эсебинде жеңип алып Европа чемпиону болгонун маалымдады. Еврокубокту музейине алып кеткен Галатасарай, эркектер баскетболдогу алгачкы Европа чемпиондугуна жетишип тарыхка катталды.

«Ватан» гезити «Тирүү гений Hawking үчүн» деген маалыматында Гарварддын жаш академик мүчөлүгүнө шайланган ысым болгон Түркиянын АКШдагы сыймыгы Жанан Дагдевирен, дүйнөгө таанымал физика профессору Stephen Hawkingди Гарвард коомчулугунда тосуп алганын баяндаган. Дагдевирен, ALS оорусунун себебинен кольяскада олтуруп жашоосун уланткан Hawkingге ал үчүн өнүктүргөн жаңы аппаратты түшүндүрдү. Дагдевирен атактуу физик менен чогуу түшкөн сүрөтүн да твиттер эсебинен бөлүштү. Дагдевирендин эң маанилүү табылгасы жүрөгү ооругандар үчүн ойлоп тапкан жүрөк батарейкасы. Дагдевирен мындан мурда да тери рагын 10 секундда белгилеген аппарат ойлоп тапкан. Бул табылга учурда бир топ борбордо колдонулуп жатат.



Тектеш кабарлар