Түрк басма сөзү-14.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

471268
Түрк басма сөзү-14.04.2016

«Хабер түрк» гезити «10 триллион доллардык саммит» аттуу кабарында Ислам Кызматташтык Уюмунун 13-Ислам Саммити Стамбулда өтүп жатканын жазган. Саммитке катышкан Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө 57 өлкөнүн жалпы өлкө ичи дүң продукциясы 10 триллион доллар менен дүйнөлүк улуттук кирешенин 11 пайызын түзүүдө. Ислам саммитине катышкан өлкөлөрдүн 4,2 триллион доллардык тышкы соодасы 2014-жылдан тарта 18,7 триллион доллардык дүйнөлүк сооданын 22 пайызына туура келет. Ислам Кызматташтык Уюмунун экономикалык жана соодалык кызматташтык боюнча туруктуу комитетинин 2014-жылдагы көрсөткүчтөрүнө караганда 57 өлкөнүн соода көлөмү 2,1 триллион долларга жетти. ИКУга мүчө өлкөлөрдүн өз араларында жүргүзгөн соодасы болсо 2014-жылы 393 миллиард доллар деңгээлинде болду. Өз араларында эң көп соода кылган өлкөлөр да Бириккен Араб Эмирликтери, Түркия, Сауд Арабия, Иран, Индонезия жана малайзия.

«Хүррийет» гезити «4 сааттык жолдон 4 мүнөттө өтүлөт» аттуу маалыматында транспорт,деңиз иштери жана байланыш министри Бинали Йылдырым 21-апрелде акыркы платформасы коюла турган Измит булуң өткөөл көпүрөсүнүн бүтүрүлүшү менен бирге майрам сыяктуу тыгыз күндөрдө 4 саатка созулган булуң өткөөлүнүн 4 мүнөткө түшө турганын айтканын маалымдаган. Стамбул-Измир автожол проектинин ичинде салынышы уланып жаткан Измит булуң өткөөл көпүрөсү эки тирөөчтүн ортосундагы ачыгы эң узун көпүрөлөрдүн арасында дүйнөдө 4-орунда турат. Бул көпүрө май айында тейлөөгө киргизилет.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдорунун Евро-2016 учагы асманда» аттуу маалыматында июнь айында Францияда баштала турган Европа футбол чемпиондугунун башкы демөөрчүсү болгон Түрк аба жолдорунун бул турнир үчүн атайын долбоорлоткон учагы Парижге алгачкы каттамын жасаганын жазган. Түрк аба жолдору айрыкча бул демөөрчүлүк келишиминин алкагында бир катар белек билет жарыштары жана жүргүнчүлөр үчүн Европанын бир топ аэропортунда Евро-2016 сыноолору уюштурулат.

«Ватан» гезити «ЕБнен Грецияга 2 жумалык убакыт» аттуу маалыматында Европа Биримдиги, Грецияга чек арасында текшерүүнүн камсыздалышы максаты менен так план сунушу үчүн 2 жумалык мөөнөт бергенин баяндаган.


Этикеткалар: #Стамбулда

Тектеш кабарлар