Түрк басма сөзү-12.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

469610
Түрк басма сөзү-12.04.2016

«Ватан» гезити «Шайтандын башын айланткан жылма тактикалар» аттуу макаласында ПККлык террористтер, Шырнактын борбору менен Жизре, Идил жана Силопи, Мардиндин Нусайбин, Даргечит жана Дерик, Диярбакырдын Сур, Хаккаринин Йүксекова райондорунда эч кимдин оюна келбей турган ыкмалар менен мыкаачылык кол салууларды уюштуруп жатканын жазган. Коопсуздук күчтөрү да ПККнын жашыруун тактикалары менен күрөшүүдө. Террористтер аң казышкан жана тосмо курган област жана райондордо колго жасалган жарылуучу заттарды суу көлмөлөрүнө, Куран-и Керимдин астына, каалгалардын аркасына, бешик жана мискейлердин ичине тузак салып жатканы белгиленген.

«Хабер түрк» гезити «Чек араны минадан тазалоо үчүн ЕБнен 80 миллион евро колдоо келет» аттуу маалыматында Европа Биримдиги Түркиянын Чыгыш жана Түштүк Чыгыш чек араларынын минадан тазаланып чек араны байкоо көлөмүнүн арттырылышына колдоо көрсөтө турганын маалымдаган. Бул максат менен өнүктүрүлгөн долбоордун алкагында Түркиянын Армения жана Иран чек араларында минаны тазалоо иш-чаралары апрель айынын акырында башталат жана 2017-жылдын декабрына чейин уланат. Бул долбоор Түркия менен жүргүзүлгөн визасыз режим сүйлөшүүлөрүндө орун алган чек аранын интеграциясы системасы үчүн да маанилүү кадам болот. Түркиянын Чыгыш жана Түштүк Чыгыш чек араларына жайгаштырылышы үчүн радар жана термикалык сенсор орун алган 82 күзөт унаасы камсыздалат. Мина тазалоо жана күзөт унааларынын камсыздалышын камтыган программанын жалпы бюджети 106 миллион евро. Бул сандын 80 миллион евролук тилими ЕБ тарабынан финансыланат.

«Хүррийет» гезити «Түркия расмий түрдө арызданды» аттуу маалыматында Түркия, немис комедиячысы Ян Бөхмерманнга президент Режеп Таййип Эрдоганга акаарат кылганы боюнча доо коюлушу үчүн жума күнү Германиянын Тышкы иштер министрлигине расмий түрдө кайрылуусун жолдогонун баяндаган. Түркиянын Берлиндеги элчилиги, Германиянын Тышкы иштер министрлигине «Териштирүү башталышы үчүн киришкиле» деген оозеки нота берди. Немис Жаза кодексинин 103-беренеси чет өлкөлүк мамлекет башчыга акааратты карайт жана 3 жылга чейин абак жазасы бар. 104-беренеде болсо «Доо коюлушу үчүн мамлекеттин расмий түрдө кайрылышы керек» деп турат. Түркия ушул алкакта кайрылды. Немис өкмөтү Түркиянын кайрылуусунун Премьер-министрлик, Тышкы иштер министрлиги жана Адилет министрлигинин адистери тарабынан иликтенгенин жарыялады.

«Сабах» гезити «Урандылардын арасында оюн тыныгуусу» аттуу маалыматында Сирияда дипломатиялык аракттердин улантылышы үчүн жетишилген ок атууну токтотуу, ар түрдүү бузуулар менен уланып жатканда, бомбалоонун токтотулушу эң көп балдардын ишине жараганын маалымдаган. Борбор шаар Дамасктын чет жакаларынан Жубарда балдар урандылардын арасында шар учуруп ойноп жатышат. Башар Асад режими жана аны колдогон Орусиянын, Халебде кеңири операция баштоо үчүн даярданып жатканы жөнүндө маалыматтар келип жатканда, бомбалоонун кайрадан жарандарды бутага ала баштоосунан санааркалып жатат.

«Йени шафак» гезити «Түркия укпасын, АКШ жашыруун түрдө ДЕАШ менен сүйлөштү» деген маалыматында ДЕАШ менен күрөшүүнүн алкагында Иракка 400дөн ашуун аскердик кеңешчисин жиберген АКШнын террор уюмунун ичиндеги БААСчы командирлер менен жолугушуу аракетин кылганы белгилүү болду. Ирак маалымат булактарына караганда АКШлык 7 чалгындоо кызматкеринин уюмдун экинчи номердеги Абу Ахмед аль-Айвани менен жолугушканын билдирди. Ирактык адистер Аль-Каиданы жок кылуу планынан айырмаланып, АКШнын БААСчылар менен ДЕАШчыларды бири-биринен ажыратып, БААСчылардын системага интеграция кылынышы боюнча планынын процессте болгонун белгилешкен.



Тектеш кабарлар