Түрк басма сөзү-05.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

465323
Түрк басма сөзү-05.04.2016

«Хабер түрк» гезити «Сапардан кийин АКШ делегациясы Түркияга келди» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Барак Обаманын Вашингтондо Ак үйдө 55 мүнөткө созулган өз алдынча жолугушууларынан кийин, кечээ АКШдан Анкарага күтүлбөгөн сапар жасалганын маалымдаган. АКШдан келген делегацияда аскердик, чалгындоо жана дипломатиялык жооптуу кызматтагылар орун алышууда. Сүйлөшүүнүн күн тартиби Түркия жана АКШнын ДЕАШ менен күрөшүүдө жүргүзө турган кызматташтыгынын өнүктүрүлүшү болот. Жолугушууларда маанилүү күн тартип беренелеринен бири да Сирияда ДЕАШ менен ЙПГнын ортосунда болуп жаткан кагылышуулардын борборундагы Менбиж аймагы болот. Түркия, Сирия чек арасындагы эң сезимтал жер болгон Азез-Жераблус багытын да ичине камтыгыдай түрдө ЙПГнын илгерилөөсүнөн тынчсызданганын АКШга билдирген. Менбиж аймагынын ЙПГга өтүшү темасында АКШ колдоо көрсөткөнү жөнүндөгү кабарлар өткөн аптада күн тартипке келген жана Анкара олуттуу каршылык көрсөткөн эле.

«Стар» гезити «Бир убакта алмашуу» аттуу маалыматында Грециянын Мидилли жана Сакыз аралы менен Измирдин Дикили порту кечээ тарыхый күнгө күбө болгонун жазган. Анда Түркия менен ЕБнин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык 20-марттан кийин Грецияга өткөн алгачкы баш калкалоочу топ, Мидиллли аралынан эки яхта менен Дикилиге алып келинди. Түркиядагы сириялыктарды ташыган учак да ошол эле учурда Германиянын Ганновер шаарына жөнөтүлдү. Сириялыктар Геттингенге караштуу Фридланд качкындарды кабыл алуу борборуна жайгаштырылды.

«Йени шафак» гезити «Панама таасири» аттуу маалыматында дүйнө жүзү викиликстен кийин эң чоң жашыруун маалыматтардын өтүшүнө күбө болгонун белгилеген. Панамлык укук фирмасы Моссак Фонсекага таандык 11 миллион документ кандайдыр бир түрдө колго алынып Эл аралык изилдөөчү журналисттер консорциуму тарабынан коомдук пикирге жарыяланды. Документтерде 12 өлкөнүн лидери жана 143 саясатчынын оффшор эсептери аркылуу миллиарддаган доллардык салыкты уурдаганы айтылууда. «Панама каттоолору» аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин да байлыгы ачыкка чыкты. Путиндин жакын досу Сергей Ролдугин арачылыгы менен Панамага 2 миллиард доллардык акча которгону документтешкен.

«Ватан» гезити «Испандар «сиеста» менен коштошушат» деген маалыматында Европада башка өлкөлөр менен атаандашуусунда күчкө ээ болууга аракет кылган Испания, бир салтынан баш тартууну пландап жатканын маалымдаган. Испаниянын премьер-министри Мариано Ражой, «түшкү таттуу» деп билинген «сиеста» сааттарын соңуна чыгарып иштөө убактысын көбөйтүүнү максаттап жатат. Иштегендердин түш ченде 3 саат тыныгуу беришинин экономикалык өсүүнүн жолун тосконун баса белгилеген Ражой: «Иштөө убактысынын саат 18:00дө аякташы үчүн колуман келгенин кыламын»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Спорт жарманкеси 14-апрелде» аттуу маалыматында спорт секторунун маанилүү маркалары 14-17-апрель күндөрүндө Стамбулда «Спорт жана активдүү жашоо» жаманкесинде орун алаарын маалымдаган. 200дөн ашуун фирма катыша турган жарманке, Евразия велосипед жарманкеси жана Боат Стамбул жарманкеси менен бир убакта өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар