Түрк басма сөзү 28.03.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

459538
Түрк басма сөзү 28.03.2016

«Стар» гезити «Изилденип жаткан террористтердин уясы Бельгия» деген макаласында Европа Парламентинин мүчөсү Озан Жейхундун : «Бельгия башта болуу менен Германия, Франция жана Голландия сыяктуу өлкөлөр узун убакыттан бери Түркияда изилденип жаткан террористтер менен толгон»,- дегенин билдирген. Бельгиянын террордук уюмга карата мамилесин бардык Европа Биримдигинин баалуулуктарын тебелегинин баса белгилеген Жейхун : «Түрк ишкери Өздемир Сабанжы кылмышкерлеринен Фехрийе Эрдалга уялбаса Королдук медаль да беришет. Европа Биримдигинин борбор шаары болуу менен мактанган Брюсселдин террор уясы болушу Европа Биримдиги үчүн да уялтуучу абал»,- деди.

«Йени шафак» гезити «ДЕАШка исламды жаман көрсөтүү ролу берилди» деген макаласында мурунку вице – премьер Эмруллах Ишлер исламды террор менен бирдей караган көз караштарга көңүл бурду. ДЕАШтын Сирия режими жана колдоочуларынын ойлоп тапканы экенин баса белгилеген Ишлер : «1970 - жылдардан кийин батыштык өлкөлөрдө ислам ылдам түрдө жайылып бара жаткан, тынчтык дини катары каралчу. ДЕАШ аркылуу ишке ашырылган террордук окуялары менен ислам террор менен бирдей каралды. Ислам аймагынын баш – аламандыкка жана хаоско жетеленүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү жана батышта исламдын жайылуусуна бөгөт болду»,- деди. ДЕАШтын батыштыктардын исламды жаман көрсөтүү ролун абдан жакшы ойногонун белгиледи.

«Сабах» гезити «6 жылда 6 миллион киши жумуш менен камсыздалды» деген макаласында глобалдык экономикалык кризис болсо да өсүүнү уланткан Түркия жумуш менен камсыз кылуу рекордуна жетишти жана акыркы 6 жылда 6 миллион кишини жумуш менен камсыз кылды.

Өткөн жылы бир миллионго жакын киши жаңы жумуш ээси болуп, бул жылдын алгачкы маалыматтары да кубантты. Түркия иш мекемеси үч айда 230 миң кишини жумушка орноштуруп, жылдын акыры үчүн 1 миллиондук жумушка жайгаштыруу максатынын ашылуусу күтүлүүдө. Өнүгүү министри Жевдет Йылмаз Түркия экономикасынын эл аралык болжолдордон дагы күчтүү бир перформанс көрсөткөнүн белгилеп, жумуш менен камсыз кылуудагы артуунун улантыларын айтты.

«Ватан» гезити «Чет элдиктер турак жай үчүн кезекке турушту» деген макаласында Түркиядагы өсүү жана ыраатуулук чет элдик инвестицияларды өлкөгө тартууну улантып жатканын жазган. Түркияда турак жай алууну каалаган АКШлыктар, араптар, ыраакы – чыгыштыктар, европалыктар бири бири менен жарышууда. Глобал баалуу кагаздар боюнча төрага Эрол Гөкер акыркы эки жылда Түркияга кирүүнү каалаган топ жана булактардын чоңдугу таң калтырганын айтты. Адистер алдыбыздагы процессте Түркияга чоң өлчөмдө капитал киргизерин белгилешти.



Тектеш кабарлар