Түрк басма сөзү 25. 03.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

458116
Түрк басма сөзү 25. 03.2016

«Стар» гезити «Бельгия террористтерди тапшырбай жатат» деген маалыматында ДЕАШтын Брюсселде жасаган кол салуусу менен чайпалган Бельгиянын көптөгөн жылдардан бери изилденип жаткан террористтерди Түркияга тапшырбашы, анын жүргүзгөн саясатын ортого салганын билдирген. Террордук кылмыштар тууралуу Түркиянын талаптарына Бельгия ушул күнгө чейин жооп берген жок. Сабанжы кол салуусунун кылмышкери Фехрийе Эрдал жана ПКК – КЖКнын Европа жооптуусу Зүбейр Айдар да араларында болгон 30 террористтин тапшырылуусу кааланган, бирок булардын эч бири кабыл алынган эмес. 20 террордук кылмышкердин тапшырылуусуна карата талап да четке кагылды.

«Сабах» гезити «Чет элдиктер кыймылсыз мүлк үчүн Түркияга келишүүдө» деген кабарында кыймылсыз мүлктө глобалдык чоңдор лигасына чыккан Түркия эл аралык бир жарманкени өткөрүүдө. Кыймылсыз мүлк секторунун эң престиждүү жарманкелеринен Cityscape Turkeyге 59 өлкөдөн 1500 чет элдик болуу менен 3 миң 300 киши катталды. 7 өлкөдөн 67 фирма жана мекеме стенд ачкан Стамбулдагы жарманкени 10 миң зыяратчынын кыдыруусу күтүлүүдө. Түркиянын өзгөчө деңиз жээгиндеги кыймылсыз мүлктөр чет элдиктердин кызыгуусун тартууда. Кара деңиз аймагы болсо араб инвесторлор үчүн борбор болду.

«Хабер түрк» гезити «Стамбул дүйнө эң көп тандаган экинчи шаар» деген макаласында миллиондогон саякатчы саякатка чыккандан мурда маалымат, сунуштарды алуу үчүн колдонгон, дүйнөнүн эң чоң саякат сайты TripAdvisor «Дүйнөдө саякатчылар эң көп тандаган 10 шаар» тизмесин жарыялаганын маалымдаган. Тизмеде биринчи орунду Англиянын борбор шаары Лондон, экинчи орунду болсо Стамбул алган. Тизмеде орун алган ар бир шаардын жанында орточо мейманкана баалары да белгиленген. Стамбул 93 доллар менен Кампучиядагы Сием Реаптан кийин мейманкана баасынын ортоломосу эң төмөн экинчи шаар болду. Стамбул ырааттуу түрдө жалпы дүйнөдө миллиондогон саякатчынын фаворити болуу менен билинет.

«Йени шафак» гезити «Лондондо ислам чыгармаларынын аукциону» деген маалыматында Лондон Бонхамс аукцион үйүнүн 19 - апрелде өткөрө турган аукционунда ислам жана инд чыгармалары орун алат. Кымбат баалуу айнек, керамика, айкел, коло, килем жана текстилден турган 315 чыгарма сатууга чыгарылат. Аукциондо сатууга чыгарыла турган Изник кафелинин болжолдуу баасынын 60 миң поунд экени белгиленди. Коллеционерлердин жактыруусуна сунула турган башка бир чыгарма 19 - кылымда кызыл жибектен жасалган Осмон байрагынын баасынын 30 -40 миң поундга жакын экени айтылууда.



Тектеш кабарлар