Түрк басма сөзү-8.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

457670
Түрк басма сөзү-8.03.2016

«Ватан» гезити «Кармаганбызды кое берип салышты» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Брюсселде кан көлдөткөн ДЕАШтык Ибрахим ал Бакравинин өткөн жылы Сирияга өтүүнү каалап жатканда Газиантепте кармалып кайтарылып берилгенин, бирок «террор менен байланышы жок» деп кое берилгенин айтканын баяндаган. Анда дүйнөдөгү өлкөлөргө террорго каршы бирге күрөшүү чакырыгын салган «террорду шериктештик менен чечебиз» деген президент Эрдоган, «Дүйнө саясаты шериктештик абалында террорго каршы турса бул маселени чечебиз.Ошондуктан дүйнө террорду, террористти жана терроизмди кайрадан аныкташы керек»-деди.

«Стар» гезити «ДЕАШ, Европа Биримдигине ПКК кейпин кийип кирүүдө» аттуу маалыматында Брюсселде 34 киши каза болгон бомбалуу кол салуудан кийин, Сирияда бир эле лагерлерде машыктырылып Түркияда орток кыймылдарды кылган террор уюмдары ДЕАШ менен ПККнын Европа өлкөлөрү үчүн да биригип кыймыл кылганы белгилүү болгонун жазып чыкты. Анда коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда ДЕАШтын өз террористтерин ПККлык кылыгында ЕБ өлкөлөрүнө жиберип теракаттарды кылууну пландаганы белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Баш калкалоочуларга «байкоо» комплекстери...» деген маалыматында БУУнун жогорку комиссардыгы грек аралдарында баш калкалоочулар кармалып турган борборлордун бакоочу борборлорго айландырылганын алдыга коюп баш калкалоочу борборлорунан чыгып кетүү чечимин чыгарганын жазган. Анда баш калкалоочулар каалабаса да качкындар борборуна жайгаштырылганын айткан мекеме, баш калкалоочулардын өткөрүлүшү боюнча иштерге жардам бере албай тургандыгын жарыялады. Адамзатка жатпаган ишке ашыруунун бир бөлүгү болууну каалабаганын билдирген Чек билбеген доктурлар да, Грециянын Мидилли аралындагы бир баш калкалоочу борборунан чыгып кетүү чечимин чыгарды.

«»Хүррийет» гезтити «Түркиянын экономика саммити жума күнү болот» аттуу маалыматында Түркиянын эң маанилүү экономикалык жыйналыштарынан Улудаг Экономика саммити 25-март жума күнү Бурсада башталаарын жазган. Анда «Капитал» жана «Экономист» журналдары тарабынан бешинчи жолу уюштурулган саммит эки күнгө созулат. Вице-премьер Мехмет Шимшек ачылышын жасай турган саммитте улуттук жана эл аралык аренада экономикага багыт берген адамдар орун алышат.

«Сабах» гезити «Түркияга жылдыз колдоосу» деген маалыматында Алтын глобус сыйлыктуу дүйнөгө таанымал жылдыз Кейт Хадсон да террорго кайдыгер калбаганын маалымдаган. Голливуддун романтикалык комедия фильмдеринин изделген оюнчусу Хадсон, инстаграм эсебинен биринчи жүрөк формасындагы Бельгия, андан соң жүрөк формасындагы Түркия желегин окурмандары менен бөлүштү. Анын астына «Бельгия үчүн да, Түркия үчүн да бардыгы кайгылуу. Жакындарынан ажыраган ар кимге дуаларымды жолдоймун»-деп жазган.



Тектеш кабарлар