Түрк басма сөзү-15.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

452214
Түрк басма сөзү-15.03.2016

«Йени шафак» гезити «Же биз менен болгула, же террорист менен» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Анкарадагы кол салуунун максатынын бүтүндөй Түркия болгонун белгилеп, ар кимдин «бирок», «же болбосо» дебестен террорго каршы турушу керек дегенин баяндаган.

Ушул убакка дейре улутка согуш жарыялап жеңген эч бир террор уюмунун, террористтин болбогонуна көңүл бурган Эрдоган, «террор, террорист» аныктамасынын кайрадан такталып, кылмыш жана жаза кодексине киргизилиши, террорго ар түрдүү жардамдарды бергендердин да бул аныктоолорго кошулушу керектигин айтты.

«Сабах» гезити «Жаңы Түркиянын жүрүшүн токтото алышпайт» аттуу маалыматында саясатчылар, санатчылар, иш дүйнөсү, жарандар, спортчулар жана коомчулуктун бардык катмарынын террорго каршы чечкиндүүлүк менен туруп Түркиянын террорду жеңип чыга турганына үн салышканын маалымдаган. Анкарада мыкаачылык кол салуу менен жарандарды кыргынга учураткан террор уюму ПККга наалат айтышты. Бул катмарлар «Аймагында жогорулаган, күчтөнгөн, гигант проекттер менен дүйнөнү кызгандырган жаңы Түркиянын жүрүшүнө террор тоскоол боло албайт» деген амалыматты берди. Иш дүйнөсү «террор бизди кулата албайт» десе, саясат дүйнөсү да террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү баса белгиледи.

«Ватан» гезити «Арда Туран туура бөлүшүү жасады» аттуу малыматында Барселонанын дүйнөгө таанымал жылдызы, улуттук футболчубуз Арда Туран, инстаграм эсебинен Анкарадгы кол салууга байланыштуу абдан түшүнүктүү бөлүшүү жасаганын баяндаган. «Эми биздин кайгыларыбызды бөлүшүүнүн убагы. Бүткүл дүйнөгө кайрыламын. Бул жалгыз эле биздин маселебиз эмес, сенин, менин, бардыгыбыздын маселеси. Террорго каршы бир муштумдай болуунун убагы келди» дегенин маалымдаган.

«Стар» гезити «Кереметтүү китептин укмуш жазуусу» аттуу маалыматында Куран-и Керимдин алгачкы нусукалары жазылган куфи коздоп жазуу концептиндеги Түркиянын жана дүйнөнүн эң кеңири көргөзмөсү Стамбулда башталганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар