Түрк басма сөзү 14.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

450433
Түрк басма сөзү 14.03.2016

«Йени шафак» гезити «Мыкаачылар» аттуу макаласында террордук уюмдардын Анкарада жарандарга кол салгандарын жазган. Баш калаа Анкаранын борбору Кызылай, жарандар жыш жүргөн учурда террордук кол салууга дуушар болду. Бомбалуу унаа, аялдамада автобустар тизилип токтоп турган учурда жардырылды. Ал эми бомба жүктөлгөн унааны айдаган жанкечтинин аял экени белгиленди.

«Стар» гезити «ПККлык аялга таандык баш бармак» деген маалыматында Анкарадагы үрөйдү учурган кол салуудан кийин окуя болгон жерде жүргүзүлгөн иликтөөдө табылган баш бармак, террордук уюм ПККга 2015-жылы кошулган аялга таандык экени аныкталды. Кол салуунун бирөө аял эки киши тарабынан ишке ашырылгандыгы айтылууда.

«Хабер түрк» гезити «Кол салуунун даярдыгы Ирак менен Сирияда жүргүзүлгөн» деген маалыматында Түркиянын Сур, Идил жана Нусайбин райондорунан сүрүлүп чыгарылган ПКК террор уюмунун жетекчилери Нооруздун алдында кыймыл планын ишке ашырууну пландагандарын чалгындоо кызматтары белгилешкен. ПККнын бомба жүктөлгөн унаалардын алдын ала даярдыктарын Ирак менен Сирияда жүргүзүп, андан соң Түркияга жөнөткөнү белгиленүүдө.

«Сабах» гезити «АКШ талаш-тартышы» деген маалыматында террордук кол салуу Анкарада 5 айдын ичинде 3 жолу болгонун жазган. Кол салууга байланыштуу иликтөө жүрүп жатканда, АКШ элчилигинин өз жарандарына карай 11-мартта этият болгула деген эскертүүсү талкууланып жатат. АКШнын Анкарадагы элчилиги, интернет барагынын англис тилиндеги бөлүмүндө жарандарына террордук кол салуу боюнча эскерткен болчу.



Тектеш кабарлар