Түрк басма сөзү-8.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

449130
Түрк басма сөзү-8.03.2016

«Стар» гезити «Түркияга баш калкалоочу мактоосу» аттуу макаласында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин баш калкалоочу кризсинде жалгыз жооптуу катары дайындаган премьер-министрлик министри Питер Алтмайер, Түркиянын баш калкаооочу кризисиндеги мамилесинин бир топ ЕБ өлкөсүнөн дагы европалык болгонун айтканын жазган. Дие Вельт гезитине маалымат берген Питер Алтмайер, «Эч ким Түркиядан баш калкалоочулардын жүгүн өзү жалгыз ташуусун күтө албайт»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Эми Түркиянын убагы» аттуу маалыматында инфляция, эсеп кысап таңсыктыгы, өнөр жай өндүрүшү жана экспорт болуп бардык макро көрсөткүчтөр өсүү ийгилигин сактаганын белгилеген Түркия, чет элдик инвесторлордун да кызыгуусун тартканын маалымдаган.

Эл аралык финансы мекемелери отчетторунда Түркияны алдыңкы планга чыгарса, жаңыдан ылдамдаган Европа Биримдиги менен карым-катнаштар да күтүлгөндөрдү күчтөндүрдү. Чет элдиктер биржага февраль айында 323 миллион доллар салып 10 айдын эң жогорку сатып алуусун жасады. Жылдын алгакы 2 айында биржага 425 миллион доллардык чет өлкөлүк кирүүсү болсо, марттын биринчи жумасында 308 миллион доллардык так сатып алуу болду. Чет элдиктер акыркы 1 айда 725 миллион доллардык облигация алышты.

«Ватан» гезити «Турак үйдө дүйнө рекорду» аттуу маалыматында Түркия турак үй баасынын өсүүсүндө 2015-жылы эң башкы тизмеге жайгашканын маалымдаган. Жылына 18,4 пайыз баасы жогорулаган Түркия, инвесторлор үчүн коопсуз порт катары бааланды. Түркия алгач ирет 2015-жылдын үчүнчү чейрегинде бул тизмеде Гонконгду артка калтырып башкы орунга чыкты. Тизмеде экинчи орунда Жаңы Зеландия, үчүнчү Швеция орун алды.

«Йени шафак» гезити «Турист үчүн миң элчи келет» аттуу маалыматында маданият жана туризм министри Махир Үнал, мурдагы күнү сүйүнчүсүн берген туризмде жумуш менен камсыздоо пакетинин кеңирисин жарыялады. Үнал турист учактан түшөөрү менен жардам бере баштай турган команда түзө тургандарын айтты. Үнал: «400 киши аэропортто келген туристтерди тосуп алат. Туризм элчиси болушат. 600 кишини болсо уранды жерлерде жана музейлерде жумуш менен камсыз кылабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Рак менен күрөшүүнүн түрк рыцары» деген маалыматында АКШнын эң маанилүү рак изилдөө борборлорунан бири болгон Oregon Health and Science University (OHSU) Knight Cancer Instituteде рактын эрте белгиленишине карата изилдөөлөрдү жасоо үчүн курулган борбордун башына бир түрк дайындалганын баяндаган. 1 миллиард долардык каражат бөлүнө турган борборду проф.др.Садык Эсенер башкарат. 200дөн ашуун изилдөөчү иштеген институтта рак биологиясы, кан рактары жана иммунитет системасын күчтөндүрүп ракка бөгөт коюу жана токтотуу тармактарында эмгектер жасалат.



Тектеш кабарлар