Түрк басма сөзү 4.03.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

444458
Түрк басма сөзү 4.03.2016

«Хүррийет» гезити «Зигетварда мунара кризиси» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын 6 – 7 – сентябрдагы Венгрия сапарынан мурда Осмон империясы мезгилинде курулган Зигетвар чебинин ичиндеги мечиттин мунарасы тууралу талаш – тартыштын кичинекей кризиске айланганын жазган. Зигетвар чебиндеги Кануни Султан Сулейман мечитинин мунарасынын узартылып же узартылбашы талаш – тартышында акыркы чекитти венгер маданият министрлигинин кеңешчиси койду: мечит маданий мурас жана коргоо астында. Маданият кеңешчиси Симон Ласзло : «Зигетвар чебинин рестоврациялануусу өкмөттүн программасында бар. Бирок чепте исламиет менен байланыштуу элиенттердин болушуна уруксат бербейбиз. Мунара узартылбайт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Бүткүл дүйнөнүн көңүлү бул жарманкеде» деген маалыматында дүйнөнүн үчүнчү чоң темир жол жарманкесинин Стамбулда башталганын жазган. Көркөмдүү азем менен ачылган Евразия Райлга 30 өлкөдөн 300дөн ашуун фирма катышууда жана жарманкеге 70 өлкөдөн 10 миң зыяратчынын келүүсү күтүлүүдө. Евразиянын биринчи темир жол жарманкеси болгон 6 - Эл аралык темир жолу, жеңил райлуу системалар, базис жана логистикалык жарманке үч күнгө созулат.

«Хабер түрк» гезити «СИЙАД кино сыйлыктарына «Блокада» киносу тамгасын басты» деген макаласында 48 - СИЙАД Түркия кино сыйлыктары Шишли шаар маданий борборунда өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылганын жазган. Актер Тугрул Түлек алып барган кечеге режиссерлугун Эмин Алпер аткарган «Блокада» тамгасын басты. «Блокада» эң жакшы кино, режиссер, сценарий болуу менен төрт сыйлык алган кечеде эң жакшы аял актриса сыйлыгын «Нефесим кесилене кадар» аттуу кинодогу ролу менен Эсма Мадран алып, «Сармашык» аттуу кинодо аткарган ролу менен эң жакшы эркек актер болуп Надир Сарыбажак тандалды.

«Сабах» гезити «Султан Абдүлазиздин эскиздери Венада» деген маалыматында Осмон падышасы Султан Абдүлазиздин эскиздеринен турган майлуу боёк картина көргөзмөсү «Эскиз картиналарынан турган Султан Абдүлазиз сүрөт көргөзмөсү» 16 - мартта Венада Юнус Эмре маданий борборунун көркөм өнөр галереясында өткөрүлөт. Андан мурда Стамбул Долмабахчеде ачылган көргөзмө Султан Абдүлазиз тактыда турган кезде расмий түрдө барган Венадан кийин Париж жана Лондондо да өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар