Түрк басма сөзү-1.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтарды угуп жатасыздар.

442569
Түрк басма сөзү-1.03.2016

«Сабах» гезити «Ваттарадан Эрдоганга чоң урмат» аттуу маалыматында Кот-д'Ивуардын президенти Алассана Ваттаранын президент Режеп Таййып Эрдогандын расмий сапар менен келгенине абдан ыраазы болгонун билдиргенин жазган.

Ваттара: «Бул сапар биз үчүн абдан маанилүү. Биз сиздин лидерлигиңиздин дүйнөдө канчалык мактоого арзыганын билебиз. Кот-д'Ивуардын жана Африканын чынчыл досун, улуу мамлекет башчыны тосконубуз үчүн абдан ыраазы болдук. Заманабыздын эң жогорку мамлакеттик ишмерин бул жерде тосуудабыз»,-деди.

Ваттара: «Эрдоган бийликте болгонунан бери чоң Түркия, күчтүү экономика курду. Бүгүнкү күндө Түркияны дүйнөнүн он алтынчы, Европанын алтынчы чоң экономикасына айлантты»,-деди.

«Стар» гезити «Fitch Ratings Түркияга мактоо жаадырды» аттуу маалыматында Fitch Ratingsтин дасыккан директору жана Түркия боюнча аналистти Гэмбл, бардык факторлор чогултулганда Түркияда акыркы 6 айдын ичинде ырааттуу көрүнүш ортого чыга турганын айтканын маалымдаган. Гэмбл: «Иран чоң базар катары тышка ачылууда. Бул Түркия үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Түркия төмөн мунай зат мүмкүнчүлүктөрүнөн эң көп пайдаланган өлкөлөрдөн бири»-деди. Гэмбл Түркиянын мамлекеттик карызынын азайганын жана учурдагы финансылык позициясынын «инвестиция салынса болот» деген пайдубал түптөлүп калганын белгилеп өттү.

«Йени шафак» гезити «Түркия, түштүк газ жолунда чечкиндүү» аттуу маалыматында Түркия геополитикалык жактан энергетика жолунун боюнда, борбор абалында экенин маалымдаганын жазган. Түркиянын энергетикадагы борбордук абалын күчтөндүргөн эң маанилүү дорлбоор болгон Түштүк газ жолунун экинчи жыйналышы Азербайжанда өттү. Бакудагы жыйналышта сөз сүйлөгөн Түркиянын энергетика министри Берат Албайрак, Түркиянын ТАНАПка жана Түштүк Газ жолуна саясий, техникалык жана экономикалык тармактарда атайын маани берип колдоо көрсөтүүдө чечкиндүү болгонун баса белгиледи. ТАНАПтын алкагында Азербайжандан Түркияга 6 миллиард метр кубдук жана Европага 10 миллиард метр кубдук жаратылыш газ өткөрүлөт.

«Хүррийет» гезити "Меркелдин корккону чындык болду. Чара Түркияда» аттуу маалыматында аба ырайынын жылышы менен бирге Европага көчө башаган баш калкалоочулар Түркиянын Эгей жээктерине чубай баштаганда, Германиянын канцлери Ангела Меркел, дагы бир жолу 7-мартта Брюсселде боло турган ЕБ-Түркия саммитинин алдында баш калкалоочулар кризисинин жалгыз Түркия менен кызматташып гана чечиле ала турганын айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Веронада Кебаб талкуусу» аттуу маалыматында салттык түрк тамактарынан кебаб жана дүрүм ылдам, арзан жана даамы менен итальяндардын жана туристтердин барган сайын кызыгуусун дагы көп тарта баштаганын маалымдаган. Италиянын Верона шаарында кебаб жана дүрүм сатуулары барган сайын жайылганы үчүн маданият жана салттарды коргоо максатында шаардын борборунда этникалык азык-зат сатан ашканалардын ачылуусуна тыюу салынды. Бул токтом итальян басма сөзү тарабынан «Кебабга тыюу салуу» катары сереп салынды. Верона шаарынын башчысы Флавио Тоси токтомдун Верона аймагынын маданият жана салттарын коргош үчүн чыгарылганын айтты.



Тектеш кабарлар