Түрк басма сөзү 29.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

441514
Түрк басма сөзү 29.02.2016


«Йени шафак» гезити «Террордук уюм ПКК тарабынан жарандык коридорго бомба жайгаштырылды» деген маалыматында Диярбакырдын Сур районунда жергиликтүү тургундардын көчүрүлүп кетиши жана багынууну каалаган террористтердин өтүүсү үчүн ачылган коопсуздук коридоруна террордук уюм тарабынан колго жасалган жарылуучу зат жайгаштырылганы аныкталганын жазган. Диярбакыр губернаторлугу, жарандарды көчүрүп кетүү үчүн тыныгуу берилген операциялардан террористтер пайдаланып, көчөлөргө бомба жайгаштыргандарын билдирди. Террористтердин бомба жайгаштырып жаткан көрүнүштөрү болсо учкучсуз учуучу учактар тарабынан асмандан тартылды.

«Хабер түрк» гезити «Орусия ок атууну токтотуу режимин бузду» деген макаласында Сирияда убактылуу ок атууну токтотуу режиминин жарыяланышына эки күн болгонуна карабастан мурдагыдай эле күндөр өтүп жатканын жазган. Орус учактарынын Халебдин батышындагы Эл-Хади айылына жана 6 кыштакка жүргүзгөн абадан операцияларында 10 киши жараланды. Аймактагы Жарандык коргоо уюмунун жооптуу кызматкерлери, орус учактары менен режим күчтөрүнүн Халеб, Идлиб, Хама жана Дераада оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга кол салып, ок атууну токтотуу режимин бузгандыктарын сөз кылышты.

«Ватан» гезити «Кызмат башталды» деген маалыматында жакшы жашоо үмүтү менен жолго чыккан баш калкалоочулардын Эгей деңизиндеги сапарында өлүмдөрдү кыскартуу жана чек араларды көзөмөлдөө максатында ишке киришкен НАТОго таандык согуштук жана куткаруучу кемелер, Эгейдеги эл аралык сууларда кызматын баштаганын билдирген. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун Эгей деңизинде мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандарга бөгөт коюу максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга катыша турганын айтты.

«Сабах» гезити «Женевада түрк күнү» деген маалыматында быйыл 86чысы уюштурулган Эл аралык Женева автомобиль жарманкесинде Түркиянын өзүн көрсөтө турганын жазган. Түркияда чыгарыла турган жаңы үлгүлөр биринчи жолу көрсөтүлө турган Женевадагы автомобиль жарманкеси 3-марттан 13-мартка чейин уланат.



Тектеш кабарлар