Түрк басма сөзү 26. 02. 2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

439721
Түрк басма сөзү 26. 02. 2016

«Йени шафак» гезити «Террор менен күрөшүүдө жаңы мезгил» деген маалыматында террор менен күрөшүүдө жаңы стратегиянын түзүлүп жатканын билдирген. Улуттук коргоо министрлиги жана башкы штабдын төрагалыгы, жандармерия – полиция тышында жөө аскер жана десанттардын да шаардын коопсуздугунда жооптуу милдетти алуу үчүн иш жүргүзүлүүдө. Максат Түштүк Чыгышта Кобани көтөрүлүшүнө окшогон «шаар согушу» пландарын баштагандан мурда бүтүрүү. Сирия чек арасындагы террордук уюм ПЙД кантондорунан жана Түндүк Ирактан келе турган коркутуу жана көкүтүүлөр да бөгөттөлөт.

«Сабах» гезити «Президенттик кайрадан курулууда, Бештепеде беш кеңеш курулат» деген макаласында сөзү болгон кеңештер президенттикти дагы активдүү абалга алып келүү үчүн иштерди аткарат. Бул жол менен ар бир бөлүктүн өлкө маселелери тууралуу көз караштарынын алынып өлкөнү башкаргандарга билдирилүүсүнө да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биринчи кадам экономика жана тышкы соода кеңеши менен ташталат. 50 мүчөлүү кеңеште чоң фирмалардын патрондору да орун алат.

«Стар» гезити «Дүйнө банкы: Түркия күткөнүбүздөн дагы ылдам өсүүдө» деген макаласында Дүйнө банкынын Түркия өлкө директору Йоханнес Зут Түркиянын 2015 – жылдагы өсүүсүнүн күтүүлөрдөн дагы жогору болгонун белгиледи. Зутт : «Өткөн жылы болгон шайлоо жана муну менен бирге келген белгисиздиктер менен геополитикалык абалдардын Түркияга дагы көп таасир тийгизерин ойлогонбуз. Бирок Түркияда коомдук жана менчик сектордо күчтүү уюмдашуу бар экенин көрдүк»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Бул жол Баселге барат, Фенербахче Москвада каалаганын алды» деген маалыматында Фенербахче УЕФА Европа лигасынын акыркы 32 турунун реваншында конок болгон Орусиянын Локомотив Москва командасы менен 1 – 1ге барабар болгонун жазган. Стамбулдагы биринчи матчтан 2 – 0 менен чыккан Фенербахче бул упай менен УЕФА Европа лигасында үстүнкү турга атын жаздырды. УЕФА Европа лигасында Локомотив Москваны элеп акыркы 15 турга калган Фенербахченин жаңы атаандашы бүгүн саат 14тө тартыла турган чүчү кулак менен белгилүү болот.



Тектеш кабарлар