Түрк басма сөзү 25.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

439213
Түрк басма сөзү 25.02.2016


«Стар» гезити «Орус учактарын жолунан КОРАЛ адаштырдыбы?» деген макаласында улуттук долбоорлордо мыктылыгын көрсөткөн АСЕЛСАН, өткөн күндөрдө радарларды баш аламан кылуучу электрондук аскердик системасын Түрк куралдуу күчтөрүнө тапшыргандыгын жазган. Сыноолордон ийгиликтүү өткөн КОРАЛ Хатайга жайгаштырылган күндөн бери орус учактарынын 4 жолу жаңылыш буталарды бомбалашы суроо белгисин туудурду. Акыркы жолу Сирияда жаңылыштык менен террордук уюм ЙПГ лагерлерин бомбалаган орус учактары, андан кийин да Асад буталарын бомбалаган. КОРАЛ радар, учак ракета жана S-400 системаларын иштетпей салат.

«Хүррийет» гезити «Террордук уюм ПКК жаштарды уурдап кетип жандуу бомба кылууда» деген маалыматында Анкарада 29 киши шейит болгон бомбалуу кол салуунун жооптуусу Абдулбаки Сөмердин атасы суракка алынганын жазган. 2005-жылы уурдалып кеткен уулун табуу үчүн террордук уюм ПКК лагерлерине 4 жолу барганын белгилеген атасы Сөмер, лагерлердеги террористтердин уулун жашырганын жана ал жөнүндө маалымат бербей койгондорун айтты. Бала кезинде ПККлык террористтер тарабынан уурдалып кеткен жанкечти 11 жылдан бери уюмдун лагерлеринде жашаган. ПККнын лагерлеринде террорист катары үйрөтүлүү үчүн уурдалып кеткен көп сандаган балдар бар.

«Ватан» гезити «3 райондо газ резерви табылды» аттуу маалыматында Сакариянын Сөгүтлү, Сердиван жана Феризли райондорунда 400 жана 450 метр тереңдикте газ резервдери табылганын билдирген. Маалыматты тактаган Сакария губернаторлугу, аймактагы газ резерви тууралуу алдыбыздагы күндөрдө билдирүү жарыялайт.

«Сабах» гезити «Вакцина экспорттойбуз» деген макаласында Түркиянын саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглунун, улуттук дары-дармек жана жергиликтүү вакцинага карата өкмөттүн колдоосунун натыйжа бере баштаганын белгилегенин жазган. Мүеззиноглу «Дифтерия, Тетанус вакциналарын жасап жатабыз. Эми кезекте Гепатит А вакцинасы бар. Алдыбыздагы жылы вакцина экспорттогудай абалда болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар