Түрк басма сөзү 23.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

437943
Түрк басма сөзү 23.02.2016


Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Ватан» гезити «Душманга каршы калкан» деген макаласында Түркиянын Аскердик электроника өнөр жайы (АСЕЛСАН) өндүргөн КОРАЛ мобилдик электрондук системасынын Түрк аба күчтөрү командирлигине тапшырылганын билдирген. Бул система чек ара коопсуздугун камсыздап, душмандын ракета, учак жана радар системасын таасирсиз кылат. КОРАЛ миңден ашуун сыноодон өтүп, иштиктүүлүгүн далилдеди. Бир канча өлкөдө гана болгон бул система улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлдү.

«Стар» гезити «Орустар жаңылыштык менен террордук уюм ЙПГни бомбалады» деген маалыматында орус согуштук учактарынын бул жолу бутасын алмаштырып алганын жазган. Бомбалоодон көп сандаган киши каза болду. ЙПГлик террористтер кызматташтык түзгөн Асад режимине жана Орусияга катуу каршылык көрсөтүштү. Асад режими болсо орус учкучтарынын ушул сыяктуу жаңылыштыктарды көп кылганын баса белгилеп, өткөн күндөрдө да Асад режимине таандык маанилүү жертөлөөнү жардыргандарын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Евровидениеде орус куугунтугун түшүндүрөт» деген маалыматында Евровидение-2016 ыр сынагында Украинаны «1944-жыл» деген ыры менен Жамала өкүлдүк кылаарын билдирген. Анда орто эсеп менен 250 миң крымдык татардын Сталиндин буйругу менен орустар тарабынан сүргүнгө айдалышын түшүндүрөт. 61-Евровидение ыр сынагы 14-майда Швециянын борбору Стокгольмдо өткөрүлөт.

«Сабах» гезити «45 өлкөгө түрк брендиндеги телефон» деген маалыматында түрк бренди General Mobile, Google менен болгон кызматташуусу ийгиликтүү болгон учурда экинчи моделди ушул жылдын аягына чейин 45 өлкөгө жеткирүүнү чечкенин билдирген. Апрель айында сатыла баштай турган телефондун Европадагы баасы 199 евро болот.



Тектеш кабарлар