Түрк басма сөзү 22.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

437272
Түрк басма сөзү 22.02.2016


«Хүррийет» гезити «Түркия Нью-Йоркто 32 кабаттуу асман тиреген имарат курат» деген маалыматында Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Нью-Йоркто Түркиянын БУУдагы өкүлчүлүгү жана Нью-Йорктогу башкы консулдугунун муктаждыктарын камсыздоо үчүн учурдагы Түркия имаратынын ордуна 32 кабаттуу асман тиреген бийик имарат курула турганын билдиргенин жазган. Курулушу 2018-жылдын аягында аяктай турган бул имарат Түркиянын кадыр-баркын көтөрүп, аймактагы түрк коомчулугуна кызмат кылмакчы.

«Йени шафак» гезити «Эл аралык кең пейилдүүлүк сыйлыгы үчүн 1 миң 100 окуя» деген макаласында Түркиянын Дин иштери башкармалыгы тарабынан быйыл экинчиси уюштурула турган «Эл аралык кең пейилдүүлүк сыйлыгы» үчүн улуттук жана эл аралык тармакта чыныгы баяндарга баа берилгенин жазган. 135 өлкөдө интернет жана медиа издөөлөрү аркылуу 8 башка тилде 1 миң 100 окуя иликтенди. Финалга 22 чыныгы окуя чыкты. Эл аралык кең пейилдүүлүк сыйлыгын тапшыруу аземи 13-мартта Стамбулдагы Халич Конгресс борборунда өткөрүлөт.

«Сабах» гезити «Сулчук району, Диний туризм симпозиумуна талапкер» деген маалыматында Эл аралык Диний туризм симпозиумунун Португалияда ушул айдын ичинде өтө турганын билдирген. 150 өлкө катыша турган симпозиумдун экинчисин Измирдин Селчук району өткөргүсү келип жатат. Селчук муниципалитети симпозиумга талапкердик үчүн кайрылды. Ал эми Эфес ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде орун алууда. Бүлбүл тоосунун этектеринде жайгашкан Мариям эне чиркөөсү диний туризм үчүн абдан маанилүү. Ушундан улам Селчук муниципалитети диний туризмдин белгиси катары тоонун этектерине көркөмдүү Мариям эне айкелин тургузат.

«Стар» гезити «Туризм бейиши Бодрумга туристтерди тартуу» деген макаласында 2016-жылдын туризм жагынан мыкты өтүшү үчүн Мугланын Бодрум районуна келе турган туристтердин санын көбөйтүү үчүн ар тараптуу иш-чаралар жүрүп жатканын билдирген. Туризм секторунун өкүлдөрү жарманкелерге катышып, январь айы бою Нидерландия, Испания, Ирландия, Швейцария, Стамбул жана Бельгияда таанытуу иштери уланды. Алдыбыздагы күндөрдө Бодрум орто эсеп менен 1 миң чет элдик журналист, саякат агенттиктери жана социалдык медианын маанилүү ысымдарын тосуп алмакчы.



Тектеш кабарлар