Түрк басма сөзү 19.02.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

435513
Түрк басма сөзү 19.02.2016

«Хүррийет» гезити «Биримдигибизди буза алышпайт» деген макаласында террорго каршы экономика дүйнөсүнүн биригип, бир үн болуп : «Биримдигибизди буза алышпайт»,- дегенин жазган. Анкарада шаршемби күнү болгон террордук кол салуу баарын санааркатты. Берилген маалыматтарда террорго наалат айтылып, мындай кол салуулардын биримдикти бузууну максат кылганы, бирок муну аткара албай турганына көңүл бурулду.

«Йени шафак» гезити «Арапчанын Түркия этикаткасына колдоо» деген макаласында Анкарада болгон кол салуудан кийин Twitter аркылуу арапча сөздөр орун алган этикетка кампаниясы баштатылганын жазган. «Түркия жалгыз эмес» деген сүйлөмдүн арапчага которулушу кыска убакта тренд топик тизмесине кирди.

«Хабер трк» гезити «World Press сыйлыктары көчмөн фотографияларына» деген макаласында салтка айланган дүйнөдүк басма сөз фотографиялары конкурсуна австралиялык фото кабарчы Уоррен Ричардсондун качкындарды тема кылып алган фотографиялары «жылдын фотографиясы» болуп тандалды. Андан мурда да түрдүү эл аралык конкурстарда сыйлыктарды алган Associated Pressтын Түркиядагы фото кабарчысы Бүлент Кылыч да «Кабар баян» категориясында үчүнчүлүккө ылайык көрүлдү. Конкурста даражага кирген фотографиялар 16 - апрелде Амстердамдагы бир чиркөөдө андан кийин да 45 өлкөдө 100гө жакын шаарда көргөзмөгө коюлат.

«Стар» гезити «Технология 5 миң кишинин алыстан көрүүсүнө жолтоо болот» деген кабарында заманбап дүйнөнүн баш тартылгысы болгон телефон, планшет жана компьютер олуттуу түрдө ден соолукка зыянын тийгизгенин жазган. Адистердин жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда колдонулган технологиялык аппараттар дүйнөдөгү алысты көрө албаган киши саны 2050 - жылы 5 миллиардга чыгат. 2000 – жылдардан баштап 2050 - жылга чейин алысты көрө албаган кишилердин саны 7 эсе артат. Адистер алысты көрө албастыкка себеп болгон негизги элементтердин арасында адамдардын тышта көп убакыт өткөрүүнүн ордуна ичкериде көп убакыт өткөрүүнү тандашкандарын, көздүн жакын аралыкка көнүүсү менен да алыскы аралыкты көрө албастыкты арттырганын белгилешти.



Тектеш кабарлар