Түрк басма сөзү-16.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

433663
Түрк басма сөзү-16.02.2016

«Стар» гезити «Азезди коргойбуз» аттуу маалыматында премьер-министр Ахмет Давутоглу Украинада кесиптеши Арсений Яценьюк менен болгон маалымат жыйынында Түркиянын Сирия темасындагы кызыл чийиндерин дүйнөгө дагы бир жолу жарыялап, Азездин кулашына уруксат бербей тургандарын айтканын баяндаган.

Гезит Давутоглунун айрыкча, «Түркияда ПКК, Сирияда да ЙПГ Орусиянын пешкасы. Кол салууларын улантып жана баш калкалоочу агымдарын күчөтсө, эң чечкиндүү түрдө каршылык көрсөтөбүз», деп айтканын маалымдаган. Анда Украинага да колдоосун билдирген Давутоглу, Орусияны эскертип, «Түркия Крымдын аннекцияланышын кескин четке кагууда», деди.

«Ватан» гезити «Шамалдын билдирүүсү» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрү террор уюму ПККнын уландысы ЙПГнын Азездеги буталарын кечээ атканын белгилеген. Түркия артка чегинүүнү талап кылган Миннаг аэропортун, Тель-Рыфат жана Шаварикат аймактарындагы ЙПГ буталарын 5 мүнөт сайын атып жатты. Пушкалар буталарын улам алмаштырып атып террористтердин айласын алты кетирди. Хатайга түшкөн минометтун огуна да дароо жооп кайтарылды. Жуманын акырында болгон операцияларда 29 ЙПГ террористи жок кылынды. Шамал пушкаларынын окторунда «Сур жана Жизреде шейит болгон куралдаш жолдошторубуз үчүн» деген жазуулар бар. Түрк куралдуу күчтөрүнүн Кандилге жүргүзгөн операцияларында да F-16 учактарынан атылган сенсорлуу ракеталарда да ошондой эле маалыматтар бар болчу.

«Хабер түрк» гезити «Израилге кун төлөөтүү кол коюу баскычына жетти» деген маалыматында «Хабертүрк» телеканалында түз эфирге катышкан АК партиянын катчысы Өмер Челик, Түркия-Израилдин ортосундагы мамилени оңдоого карата кадамдарга сереп салганын маалымдаган. Анда Челиктин, «Израиль өкмөтү «Мави Мармара» окуясында Түркия жана түрк жарандарына каршы кол салуучу мамилени көрсөттү. Бул биз үчүн кун жана кечирим суроону талап кылган абал эле. Кечирим суралды, кун төлөө темасында сүйлөшүүлөр уланып жатат. Белгилүү бир баскычка жетти. Мындайча айтканда кол коюлгудай баскычка жетти»,-деп айтканы орун алды. Палестина темасындагы Түркиянын сезимталдыктарына көңүл бурган Челик, «Бул сезимталдыктар байкалгандан кийин Израиль менен энергетика тармагы баштаган башка тармактарда кызматташуунун каалгасы ачылды»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Дин каанасы ЕБне шайкеш келди» деген маалыматында ID карттардын ордун ээлей турган чиптүү өздүк карточкаларда дин каанасы жазылган жери болбой турганын белгилеген. Европанын адам укуктары сотунун чыгарган чечимине шайкеш түрдө талапка баш ийүү шарты менен дин маалыматы карточканын көрүнгөн бетинде эмес, чиптин ичинде орун алат.

«Сабах» гезити «Еврей музыканты «Мави Мармара» музыкасын чыгарды» деген маалыматында Израилде туулган швециялык музыкант Дрор Фейлер «Мави Мармарада» каза болгон 10 түрк үчүн музыка чыгарганын маалымдаган. Музыкага кысым көрсөтүлгөн жер болгон «32'43' Түндүк, 33'31' Чыгыш» координаттарынын аты коюлду. «Мави Мармара» кемесинде болгон окуянын күбөсү жана «Газага Эркиндик» флотунун жүргүнчүлөрүнөн болгон Фейлер, «Төрт ай эмгектенип чыгарган обонум, ал чөйрөдөгү чечкиндүүлүктү, толкунданууну жана коркунучту ачыктап берген мелодияларга айланган жарылуулар жана үндөр менен башталат. Музыка 2010-жылдагы саякаттын трагедиялуу аякташынын жана Израилдин «Мави Мармара» кемесин кысымга алганда 10 киши шейит болгонун эске салган үндөр менен бүтөт»,-деди.



Тектеш кабарлар