Түрк басма сөзү-11.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

431209
Түрк басма сөзү-11.02.2016

«Сабах» гезити «Сирияда сүргүн жана геноцид» аттуу маалыматында президент Режеп Таййып Эрдогандын Орусия, Иран жана Хизбуллахтын колдоосу менен өз калкын кыргынга учураткан Сирия режимине үн катпай калган АКШ жана Европаны сынга алганын жазган.

Гезит Эрдогандын: «ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу менен аймакка жайгашып Сирия калкын карысы, жашы, аялы дебестен кырып жаткандардын чыныгы жүзүн бүткүл дүйнөгө ачып берүүсүн улантабыз. Сирияда болуп жаткандар сүргүн жана тукум курутка айланды. Качкындарды өчү сыяктуу карагандардын маселесинин себеби болгон Асад режимине сокур жана дүлөй калуулары ойлондурат»-дегенин берген.

«Стар» гезити «Англия Түркиянын чакан жана орто фирмаларына (КОБИ) инвестиция чакырыгын салды» аттуу кабарында Улуу Британиянын Анкарадгы элчиси Ричард Мур, «Түркия алдыңкы соода өнөктөштөрүбүздөн жана дагы көп кызматташууну каалаган өлкөлөр арасында орун алууда»,-деди. Мур түрк фирмаларын индустрия жана туризм тармактарында кызматташууга чакырдык. Улуу Британиянын соода жана инвестиция агенттиги да түрк инвесторлору үчүн арасында өндүрүш, технология, саламаттык сактоо, кино, музыка, туризм, анимация, көркөм өнөр сыяктуу көп сандаган тармакта Улуу Британияда инвестиция мүмкүнчүлүгү болгонун жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунун ийгилиги Гарвардда сабак болду» аттуу маалыматында акыркы жылдарда жасаган ийгиликтүү кыймылдары менен ылдам өскөн жана дүйнөлүк аба жолдору фирмаларынын арасында алдыңкы орундарга кирген Түрк аба жолдорунун ийгилиги, АКШдагы дүйнөгө таанымал Гарвард университетинде сабактын темасы болгонун баяндаган.

«Ватан» гезити «330 метрден Көпөлөктөр кокутусуна секирди» деген маалыматында Мугланын Фетхие районундагы дүйнөгө таанымал Келебеклер вадиси б.а. Көпөлөктөр коктусунда «Көпөлөктөр (Base Jump) эркин секирүү» боюнча Дүйнөлүк кубок өтөөрүн жана турнир үчүн курулган платформага чыккан эркин секирүүчү (base jumper)Женгиз Кочактын 330 метр бийиктиктен Көпөлөктөр коктусуна ийгиликтүү секиргенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар