Түрк басма сөзү 8.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

429005
Түрк басма сөзү 8.02.2016


«Стар» гезити «Керриден ошол куралдар тууралуу суралды» деген макаласында Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун эки жумада 5 жолу АКШлык кесиптеши Жон Керри менен сүйлөшкөнүн жазган. Чавушоглу Керриге президент Обаманын атайын өкүлү Макгерктин террордук уюм ПЙД менен сүйлөшүүсү жана ПККда табылган АКШ куралдарына болгон тынчсызданууну айтты. АКШга шериктештиктин талаптарынын аткарылышы керектиги билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Нобель комитетине Килис каты» деген макаласында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын адам укуктары боюнча жооптуу төрага орун басары Айхан Сефер Үстүн, Нобель тынчтык сыйлыгынын сириялык баш калкалоочуларды кабыл алган Килиске берилиши үчүн Нобель комитетине кайрылганын билдирген. Үстүн Нобель тынчтык сыйлыгы үчүн үлгү болуучу шаар сунуштаганын белгиледи. Сирияга чек аралаш шаар болгон Килистин өзүнүн калкынын саны 129 миң жана андан тышкары120 миң сириялык баш калкалоочу жашап жатат.

«Йени шафак» гезити «Европага көч» деген маалыматында Сириянын Халеб шаарында режим күчтөрү, Орусия жана Ирандын колдоосу менен жарандарга кыргын салуусун улантып жатса, АКШ менен Европанын Сирия кризисине болгон кайдыгерлиги дагы 100 миң кишинин Түркияга бет алышына себепчи болгонун жазган. Түркиядагы баш калкалоочулардын саны 3 миллионго жетиши, Европага карай каалгалардын кайрадан ачылуусун күн тартипке койду. Лагерлерде жана шаарларда жашаган баш калкалоочулардын арасында көч даярдыгы башталганы белгиленүүдө. Кеминде 2 миллион баш калкалоочунун 28-февралда өтө турган Женева сүйлөшүүлөрүнөн да үмүтүн үзгөнү жана аба-ырайынын жылышы менен бирге Европага карай бет ала тургандары айтылууда.

«Сабах» гезити «Карадеңизге атайын туризм пакети» деген маалыматында акыркы жылдарда Карадеңизге болгон кызыгуунун аймактын туризмине карата иш-чараларды арттырганын билдирген. Карадеңиз аймагына Араб өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш жана Европадан туристтерди тартуу үчүн иш чаралар башталды. Президент Режеп Тайып Эрдогандын буйругу менен Карадеңиз аймагы үчүн атайын иш планы түзүлдү. Буга караганда жайлоолор туризмге ачылат. Коноктоодо альтернативалар изделип, туризм секторуна колдоо көрсөтүлөт жана круиз туризминин инфраструктурасы жайылтылат.



Тектеш кабарлар