Түрк басма сөзү-28.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

425429
Түрк басма сөзү-28.01.2016

«Хабер түрк» гезити «Түркия, Германиядан кийин Нидерландия менен келишим түзөт» аттуу маалыматында Түркия, Германия менен өткөн аптада алгачкысы түзүлгөн өкмөттөр аралык кеңешүү жыйналышынын окшошун Нидерландия менен да түзүүгө дарярданганын баяндаган.

Гезит премьер-министр Ахмет Давутоглунун 10-февралда бара турган ЕБнин кезектешкен төрагасы болгон Нидерландиядагы жолугушууларында өкмөттөр аралык кеңешүү жыйналышынын баштатылышынын чечими чыгарыла турганын маалымдаган. Гезит кеңешүү жыйналышында консулдук, соода, коопсуздук, Түркиянын ЕБне мүчөлүк процесси, миграция кризиси, терроризм менен күрөшүүдө кызматташтыктын дагы да күчтөндүрүлүшү каралаарын баяндаган.

«Стар» гезити «Күрт ыр-чебери Чийагер ПККдагы опузалыктарды түшүндүрдү» аттуу маалыматында террор уюму ПККнын күрт калкынын ишеничтерин бузганын, үй-бүлө түзүлүшүн таркатканын белгилеген ыр-чебери, аял жана кыздардын эркиндик, тынчтык жана демократия сыяктуу бир канча кооздолгон сөздөргө алданып үй-бүлөлөрүнөн айрылганын жана кудум эле кулга айланганын баса белгилегенин баяндаган. Гезит ыр чеберинин, «Бир коомчулукту жашаткан негизги түзүлүш үй-бүлөнүн биримдиги, ал эми ПКК бул биримдикти толугу менен жок кылууда»-дегенин берген. Чийагер ПККнын тышкы күчтөрдүн да колдоосу менен коомчулукту өзгөртүүгө жана алмаштырылып өз баалулуктарынан, маданиятынан ажыратууга аракет кылганын белгилеп кетти.

«Йени шафак» гезити «Сирияда Орусия дин, Иран болсо агым согушун кылып жатат» аттуу маалыматында Сирияда кыргындарга 5 жыл толгонун баяндаган.

Гезит Асад режими, Орусиянын жана Ирандын колдоосу менен жүз миңдеген жаранды кыргынга учуратканын жазган. Шам Аалымдар биримдигинин төрагасы Усаме аль-Рыфаи, «Орусия, Орус православ чиркөөсү бекиткенден кийин Сирияда кыргын сала баштады. Иран болсо Сирияда алгачкы кирген күнүнөн бери агым согушун жүргүзгөнүн эч жашырган жок. Хомста жарандарды аесуз түрдө кыргынга учуратып баштарына ураандарды жазышты»-деди.

«Ватан» гезити «Түркия саламаттык сактоо туризминен 1 миллиард доллар киреше таап жатат» аттуу маалыматында Англияда чыгуучу «Independent» гезити Түркияда медициналык туризмдин экономикага жылдык салымы барган сайын артканын жазып чыкканын маалымдады.

Гезит чач эктирүү үчүн Түркияны тандагандардын Англияга салыштырмалуу кыйла аз акы төлөгөндөрү баса белгиленгенин баяндаган. Түркияда саламаттык сактоо кызматтары арзан жана сапаттуу болгону үчүн тандалууда.

«Сабах» гезити «600 жылдык тарыхка башкача көз караш» аттуу маалыматында Осмон империясынын тарыхын чет элдик жана түрк изилдөөчүлөргө жаңы документтери менен түшүндүргөн «Суроолор менен Осмон империясы» аттуу китеби окурмандардын назарына сунушталганын маалымдаган. Чыгарма коомдук пикирге мындан мурда түшүндүрүлбөгөн жактарын ачып берүүдө. Тарыхка из калтырган «Стамбулдун каратылышы, шахзаада Мустафанын өлүмү, Хүррем Султан жана Көсем Султан чындыктары» сыяктуу темаларды жаңы маалыматтар менен түшүндүрүүдө. Айрыкча дүйнөлүк мамлекет болгон осмондуктун орто кылымдан заманбап доорго чейинки процессте дүйнө тарыхына таасирлери, заманбап дүйнөдөгү издери жана Осмон падышаларынын башкаруудагы жөндөмдүүлүктөрү кеңири берилген.



Тектеш кабарлар