Түрк басма сөзү 25.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

424555
Түрк басма сөзү 25.01.2016


«Йени шафак» гезити «ПЙД менен ПКК окшош» деген макаласында АКШнын вице-президенти Жо Байдендин Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен сүйлөшүүсүндө басымдуу түрдө террордук уюмдар ПКК менен ПЙДнин алакасы каралганын жазган. Давутоглу ПКК менен ПЙДнин окшош экенин, экөөнүн тең бир эле борбордон башкарылганын айтты. Давутоглу АКШнын ДЕАШка каршы колдонуусу үчүн ПЙДге берген куралдары ПККга кеткенин, ПККнын АКШдан келген куралдарды Түркияга багыттаганын түшүндүрдү. Эң акыркы жолу АКШлыктардын ПЙДге берген адамсыз учуучу учактары Силопиде табылган.

«Стар» гезити «Женеванын алдындагы максат Түркмөн тоосу» деген маалыматында Асад режими, Орусия, Иран согушкерлери жана террористтердин кол салууларынан улам Сириядагы Байырбужак түркмөндөрү оор күндөрүнүн бирин өткөрүп жатканын жазган. Акыркы жолу Түркмөн тоосундагы бир канча түркмөн айылы режимге караштуу аскерлердин колуна өттү. Эки айдан бери режимге каршылык көрсөткөн түркмөндөр 5 кылымдык жерлеринен ажыраса, Путинге Жер Ортолук деңизине кеткен коридордун жолу ачылды.

«Хүррийет» гезити «Айлан бөбөктүн фотосүрөтү World Press Photoго талапкер» деген маалыматында Европада жарыяланган Фото магазин журналы, Дүйнөлүк медиа фотосүрөттөрү фонду уюштурган жылдын мыкты медиа фотосүрөттөрү сынагында Айлан бөбөктүн фотосүрөтүнүн талапкер көрсөтүлгөнүн жазган. Журналдын башкы редактору Торстен Хоге макаласында сириялык баш калкалоочу Айландын Бодрум жээктерине чыгып калган жансыз денесинин фотосүрөтүн жылдын фотосүрөтү деп баамдады.

«Ватан» гезити «Иранда түрк жетекчилерге болгон талап» деген макаласында түрк жетекчилер үчүн жаңы трансфер өлкөнүн Иран экенин жазган. Эмбарголор жоюлган өлкөдө түрк жетекчилердин маданият окшоштугунан улам тандалып жатканы баяндалган. Быйыл 200 түрк жетекчинин коңшу өлкө Иранга баруусу күтүлүп жатат. Иранда түрк жетекчилерине болгон талап, сектор жагынан алганда эң көп курулуш, энергетика, телеком, инфарматика жана автомобиль тармагында тыгыздашууда. Иранда түрктөргө болгон кызыгуу артып, Иран калкы өзгөчө түрк сериалдарына жана футболуна жакындан байкоо салып жатышат.



Тектеш кабарлар