Түрк басма сөзү 18.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

364654
Түрк басма сөзү 18.12.2015


«Стар» гезити «Түркиянын Орусияга жасаган экспортто төмөндөө болгон жок» деген макаласында бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи: «Акыркы экспорт көрсөткүчтөрүнө караганда 1-15-декабрь күндөрүнүн аралыгында Орусияга жасалган экспортто төмөндөө болгон жок»,-дегенин жазган. Медиа органдарынын суроолоруна жооп берген Түфенкжи «Орусия айрым товарларга койгон чектөөлөрдөн баш тартты жана кайрадан сатып ала баштады. Буга эмне дейсиздер?»,- деген суроого: «Бул эмбарголордун акырындык менен жоюлаарына ишенемин»,-деп жооп берди. Орусия көптөгөн товарларда болгону сыяктуу бут кийим, кир жууган жана идиш жууган машина, духовка сыяктуу өнөр жай товарларын да Түркиядан сатып алуудан баш тарткан жок.

«Сабах» гезити «Израиль менен нормалдашууга 3 шарт» деген макаласында Түркия менен Израилдин карым-катнаштарынын аймактын ырааттуулугу жагынан да маанилүү экенин баса белгилеген энергетика министри Берат Албайрак Израилдин Түркиянын койгон шарттары орундалбастан энергетика же башка темада алакалардын нормалдашуусун күтпөшү керек»,-деди. Түркия карым-катнаштарды «Мави Мармара» окуясына чейинки абалга кайтаруу үчүн кол салуунун себебинен Израилдин кечирим сурашын, каза болгондорго кун төлөшүн жана Газага киргизген эмбаргону жоюшун талап кылган. Израиль бул шарттардын биринчиси болгон кечирим суроо шартын орундаткан.

«Хүррүйет» гезити «Акылдуу телефондо жергиликтүү бренддер алдыга чыкты» деген маалыматында глобалдык бренддер басымдуулук кылган акылдуу телефон соода-сатыгында эми жергиликтүү бренддер да сөз ээси боло баштаганын билдирген. 2015-жылдын аягында жергиликтүү акылдуу телефон чыгарган фирмалардын саны жана сатууга коюлган үлгүлөрдүн саны эки эсе өстү. Учурда 9 башка жергиликтүү фирма чыгарган орто эсеп менен 25 модел сатууга коюлду.

«Йени Шафак» гезити «Түрк фирмалары глобалдашууда» деген макаласында чет өлкөдө өзгөчө энергетика жана курулуштагы күчтүү кадамдары менен көңүлдөрдү бурган түрк фирмалары, дүйнөлүк базарлардагы сатып алуу жана инвестициялары менен атынан сөз кылып жатканын жазган. Келээрки жыл үчүн эки түрк фирмасынын эле чет өлкөдөгү инвестиция жана сатып алуу наркы 3,5 миллиард доллардан ашат.

«Ватан» гезити «Улуттук учкучсуз учуучу учак «Байрактар» куралданды» деген маалыматында Рокетсан өндүргөн ракета жайгаштырылган Улуттук учкучсуз учуучу учак «Байрактар» 8 километрдик алыстыктагы бутаны таамай атканын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар