Түрк басма сөзү-25.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

422331
Түрк басма сөзү-25.11.2015

«Йени Акит» гезити «Мына эреже бузуунун далили» аттуу макалада Башкы штаб төрагалыгы түшүрүлгөн орус учагына байланыштуу радар изинин картасын интернет барагынан бөлүшкөнүн жазган.
Гезит Түркиянын аба мейкиндигин бузуп кирген согуштук учак көп жолу эскертилгенине карабастан Түрк аба мейкиндигинде илгерилөөсүн улантканы маалымдалды. Орусиянын «эреже бузган жокпуз» деген жарыя салганына Түркиянын куралдуу күчтөрү тарабынан отчеттуу жооп берилди. Түрк куралдуу күчтөрү Түркиянын чек арасын бузган орус учагына таандык радар изин бөлүштү. Анализде түшүрүлгөн учактын Түркиянын аба мейкиндигине кантип кирип кеткени ачык түрдө көрүнүп турат.
«Хабер түрк» гезити «Эң орчундуу милдет алардыкы» деген маалыматында 64-Өкмөттө экономика командасына жаңы 7 ысым кошулганын белгилеген. Гезит эң орчундуу эки орундукка олтурган ысым катары алдыга чыккан экономика боюнча жооптуу министрдин орун басары Мехмет Шимшек жана Энергетика министрлигин уланткан Берат Албайракты абдан орчундуу күндөр күтүп турганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Нусайбин террордон тазаланууда» аттуу маалыматында Диярбакырдын Силван жана Сур райондорунан кийин Мардиндин Нусайбин районунда да теракт менен шугулданган ПКК, бул жерде оор соккуга учуратылганын баяндаган. Гезит Нусайбинде жарыяланган көчөгө чыгууга тыюу салуудан кийин «Команда-38» тобу жүргүзгөн операцияда 18 терриоист жок кылынып, 94 тосмо жоюлуп, казылган аңдар жабылганын жана 19 бомба жардыргыч жок кылынганын маалымдаган.

«Хүррийет» гезитинде жарык көргөн «189 өлкөгө экспорт жасалууда» аттуу макалада жаңы инвестициялар менен ишкана саны көбөйгөн Конья шаары учурда 189 өлкөгө экспорт жасап жатканы орун алган. Анда бул шаардын Түркиянын маанилүү өнөр жай борборлорунан бирине айланганын түшүндүргөн Коньянын соода өнөр жай палатасынын төрагасы Мемиш Күтүкчүнүн, «Эң көп экспорт жасалган алдыңкы 5 өлкө Ирак, Алжир, Германия, Сауд Арабия жана Иран»-дегени орун алган. Күтүкчү машина өндүрүү өнөр жайы, автомобилге толуктоочу өнөр жайы, темир ээритип кую, азык-түлүк, бут кийим сыяктуу секторлордо экспорт кылып жаткан Коньянын, коргоо өнөр жайы экспорту боюнча Түркияда алдыңкы 5 шаардын арасында орун алганын айтты.
«Йени шафак» гезити «Галатасарай улантат же токтотот» аттуу маалыматында УЕФА чемпиондор лигасындагы өкүлүбүз Галатасарай Испаниянын Атлетико Мадрид командасы менен алардын талаасында ойной турганын, Галатасарайдын чемпиондор лигасындагы жолун улантышы үчүн бул орчундуу оюндан утуш менен чыгышы керектигин маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар