Түрк басма сөзү-23.11.2013

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

368055
Түрк басма сөзү-23.11.2013


«Сабах» гезити «Кичинекей Сенанын акыры Айлан бөбөктүкүндөй болду» аттуу макаласында Бодрумга жакын жерде мыйзамсыз жолдор менен чет өлкөгө чыгууга аракет кылган чет өлкөлүктөрдү ташыган яхтанын чөгүп кетишинин себебинен жоголгон 15 кишиден бир кыз баланын дагы жансыз денеси табылганын белгилеген.
Гезит жарчалардын арасына кыпчылып калган жана 4 жаштарындагы кыз балага таандык сөөк, Жээк коопсуздугу кызматкерлери тарабынан Бодрум мамлекеттик ооруканасынын моргуна жеткирилгенин, Сенада дагы калкалоочулар көп кийген 2 жаштагы Айлан Курдиникиндей джынсы шым жана кызыл кийим болгону көңүлдөрдү бурганы орун алды.
«Йени шафак» гезити «Биз террорист эмеспиз» аттуу макаласында Сирия, Ирак жана Ооганстандагы согуштардан качып жаңы турмуш куруу үмүтү менен Европа өлкөлөрүнө көч агымы уланып жатканда, Париждеги террордук кол салуунун баш калкалоочуларга терс таасир тийгизе баштаганын жазган.
Гезитте Европадагы миңдеген баш калкалоочу, жаман мамиле көрүп, артка кайтарылуу кооптонуусунда турганда, чек араларда көптөгөн күндөн бери күткөн баш калкалоочулар да, «Биз террорист эмеспиз, баш калкалоочубуз, адамбыз» деген маалыматтарды берип жатышкандары орун алган.
«Йени акит» гезити «Батыш өлкөлөрү Түркиянын саламаттык сактоо системасына суктанат» аттуу маалыматында дүйнө жүзү Түркияда саламаттык сактоо тармагында акыркы 13 жылда жасалган ишке ашырууларды суктануу менен байкап жатканын жазган. «Саламаттык сактоо үчүн чечим табуу жолун изденүү проектинин Европа башкаруу комитетинин мүчөсү доктор Паскаля Рише Түркияда саламаттык сактоого чоң маани берилгенин, саламаттык сактоо тейлөөлөрүнө жетүүнүн да барган сайын артканын айтты. Саламаттык сактоо системасынын кайрадан пландалуу иштеринин алкагында жүргүзүлгөн үй-бүлө доктурун ишке ашыруу укмуш эмгек болгонун баса белгилеген Ричетта: «70 миолиондон ашуун калктын саны менен катар баш калкалоочуларды да кошкондо мисал болуучу ишке ашыруу»-деди.
«Хабер түрк» гезити «Ислам өлкөлөрү эркин соодага багытталды» деген маалыматында Ислам Кызматташтыгы Уюумунун экономикалык жана соодалык кызматташтыгынын туруктуу комитети ИСЕДАКтын 31-жыйналышы бүгүн Стамбулда башталганын маалымдаган. Анда 26-ноябрга чейин улана турган жыйында ислам өлкөлөрүнүн арасында эркин соодага карай акыркы кадамдарга баа берилет. Ислам өлкөлөрүнүн глобалдык соодада дагы активдүү роль алуусу үчүн өлкөлөрдүн экспорт түзүлүштөрүндө маанилүү өзгөртүүлөрдүн жасалышы керектигин баса белгилеген түрк жооптуу кызматтагылар, мунай зат бааларындагы төмөндөө менен бирге товар түрлөнтүүсүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгилешти.
«Хүррийет» гезити «Орто кылымдагы кеме 2016-жылы сууда сүзөт» аттуу маалыматында Стамбулда «Мармарай» жана «Метро» долбоорлорунун алкагында жүргүзүлгөн археологиялык казууларда пайда болгон жана 37 чыгармадан «Йеникапы 12» деп аталган яхтанын көчүрмөсүнүн бүтүрүлүшү менен кайрадан жанданаары баяндалган. Анда Орто кылымга таандык экени болжолдолгон узундугу 9,64 метр жана туурасы 2,60 метр болгон яхтанын көчүрмөсүнүн алдыбыздагы жылда деңизге түшүрүлүшү пландалганы баяндалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар