Түрк басма сөзү-19.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

419404
Түрк басма сөзү-19.11.2015

«Ватан» гезити «Улутубуз президенттик башкаруу системасына макул дейт!» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдоган, телеканалында түз эфирде президенттик башкаруу системасы үчүн «Жаңы конституция жана президенттик системасы эгерде парламенттен өтсө улутубуз референдумда муну бекитет. Жалгыз эле башкы оппозициядагы партиянын колдоосу болсо, бул иш парламентте чечилет. Референдумга барса дагы мен улутума ишенемин, макул добушун беришет»-деп айтканын баяндаган. Президенттик башкаруу системасынын жеке өзүнүн маселеси болбогонун баса белгилеген Эрдоган: «Мен президенттик башкаруу темасын күн тартипке алып чыгамын. Улутубуз талкууласын, академиктер талкууласын. Тартынуунун кереги жок. Бул менин жеке маселем эмес. Бул улутубуздун маселеси. Улуттубузга алып баралы, эмне десе ошол болот»-деди.
«Йени акит» гезити «АК партиянын ысым бабасы төрагалык талапкери» деген маалыматында АК партиянын ысым бабасы Исмаил Кахраманды Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагалыгына талапкер катары белгилегенин жазган.
Гезит Кахрамандын президент Эрдоган да талапкерликке көрсөткөн АК партиянын Стамбулдун 1-аймагынан тизменин башында парламентке киргенин жазган.
«Йени шафак» гезити «Дүйнөлүк банкка исламдык финансы боюнча үй тапшырма» аттуу маалыматында эл аралык финансы чөйрөлөрүнүн көзү ислам финансысында экенин берген. Гезит дүйнөдө чоңдугу 2 триллион долларга жакындаган пайызсыз каражат, кризистен кийин IMF жана Дүйнөлүк Банктын да күн тартибине киргенин жазган.
Гезит Антальяда Чоң жыйырмалыктын саммитинде IMFтин төрайымы Кристин Лагарддын өсүү үчүн исламдык финансынын колдонула ала турганын айтышынан кийин, Дүйнөлүк банктын финансы боюнча төрагасы Майкл Беннет да облигация менен сукук аянтын бириктирип же бириктире албай тургандарын жарыялады.
«Хабер түрк» гезити «Сирияда күтүү декабрда ок атпоо» аттуу маалыматында Сирияда 1-январда башталышы пландалган өткөөл мезгил үчүн жасалышы керек болгон ок атпоонун декабрь айында аткарыла турганы белгиленген. Ушул алкакта Сирия өкмөтү жана оппозициянын 1-январдан мурда алгач ирет БУУнун карамагында жолугушуусу пландалууда.
«Сабах» гезити «Иранга түрк техникалык колдоо» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун учак кароочу фирмасы Түрк аба жолдорунун техникалык, ирандыктарга биргелеше кароо борборун куруу үчүн үстөлгө олтурганын жазган.
Гезит учактын флоту улгайган жана чоң потенциясы болгон Иран базарына кириш үчүн Лүфтхансанын да сүйлөшүүлөрүн баштаганы белгиленди.
«Хүррийет» гезити «Мейманканаларда жыйналыш сезону башталды» деген маалыматында туризмде жайкы сезондун жабылышы менен бирге бир топ ири мейманканалар чоң конференция, жыйналыш жана иш-чараларды өткөрүү жарышын баштаганын белилеген. Гезит туризмде «өлү сезон» катары аталган мезгилдерде жыйналыш жана уюштуруулардын мекманканаларга чоң салымы болгоуна көңүл бурган сектордун өкүлдөрү, чет өлкөдөн жыйналыш жана иш-чара талаптарынын көбөйтүлүшү керектигин баса белгиледи.
«Стар» гезити «Рабианын символу фотосүрөттөрдүн архитектору Алшами: «Эрдоган Рабианы дүйнөлүк деңгээлге чыгарды» деген тема коюп, Египетте тарткан фотосүрөттөр менен Рабиа аянтын дүйнө жайган ысымдардан бири болгон Мухаммед Элшами, «Рабиа белгиси жалгыз гана Египетке таандык белги болчу. Муну Эрдогандын колдонушу биз үчүн абдан маанилүү эле. Эрдогандан кийин Рабиа белгиси дүйнөлүк абалга айланды. Эрдоган Рабианы дүйнөлүк деңгээлге чыгарды»-деп айтканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар