Түрк басма сөзү-18.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

418641
Түрк басма сөзү-18.11.2015

«Ватан» гезити «Бомбачыны Түркия жиберди Бельгия эркин кое берди» аттуу маалыматында түрк органдарынын Франциянын борбор шаары Париждеги кол салууларды уюштурган террористтерге байланыштуу батыштык чалгындоо кызматына абдан маанилүү маалыматтарды бергени ортого чыкканын жазган.
Гезит Парижде кан көлдөткөн ДЕАШ кол салууларынан кийин дайынын билдирбей кеткен сегизинчи бомбачы Салих Абдесламдын өткөн айларда ДЕАШка кошулуу үчүн Түркия аркылуу Сирияга өтүүгө баратканда кармалып Бельгияга кайра кайтарганы белгиленгенин маалымдаган. Абдеслам Бельгия чалгындоо кызматы тарабынан суракка алынгандан кийин «террор коркунучу жок» деген тыянак менен эркин кое берилген. Париж теракттарынын пландоочусу экени жарыяланган Бельгия жараны Абдүлхамид Абаюддун кол салууга даярданып жатканы жөнүндөгү маалыматтын да Анкарадан берилгени белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Батышта мусулмандарга кол салуулар күчөдү» аттуу макалада Париждеги теракт кыймылдарынан кийин Мусулмандар дүйнөнүн төрт тарабында террорго наалат айтып жатканда, жикчилдер мусулмандарга жана мечиттерге кол сала башташкандарын жазган.
Гезит Канаданын Торонто шаарында бир мечит өрттөлүп, мусулман бир аялга эки киши тарабынан кол салуу болгонун белгилеген. Франциянын Камбре шаарында бир түрк жаранына курал менен кол салуу болду. Лилли шаарында мусулмандардын үйлөрүнө белги салынды. Ислам жана баш калкалоочуларга каршы чыккандар Германиянын Дресден шаарында көчөлөргө чыкты. Митингдеги сөз сүйлөөлөрдө баш калкалоочу маселеси жана террор бири-бирине байланыштырылды.
«Сабах» гезити «Дүйнөлүк лидерлер энергетика саммитинде» аттуу макалада энергетика коридорлорунун борборундагы Түркия, эл аралык энергетика саммитин өткөрүүдө экенин жазган.
Гезит Атлантика кеңешинин Стамбулда болгон Энергетика жана экономика саммити бүгүн башталганын, эки күнгө созула турган саммитте Европанын энергетика коопсуздугу, Ооганстандын келечеги, климат өзгөрүшү, Иран, Африканын мааниси, энергия системаларынын кайра иштетилиши, опурталдуу аймакта турган Түркиянын ролу, Түштүк жаратылыш газ жолу сыяктуу глобалдык экономикага байланыштуу маанилүү темалар карала турганын баяндаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Кемчиликсиз самммиттте Түркияга толук баа берилди» аттуу макалада Чоң жыйырмалыктын самммитинде дүйнөнүн эң күчтүү лидерлерин тосуп алган Түркия, маанилүү ийгиликке жетишкени орун алган.
Гезит бул уюштурууга мактоолорду жаадырган лидерлер Антальяга суктангандарын, АКШнын президенти Барак Обаманын гольф ойноо үчүн Антальяга кайра келүүнү ойлогонун маалымдаган. Саммит убагында социалдык медиада 1 миллиондон ашуун твиит жазылып, лидерлер уюштуруунун професионалдуу иштеши жана меймандостуктан абдан таасир алгандарын сөз кылышты.
«Хабер түрк» гезити «Түркияда автомобиль сатуусундагы өсүү Европадан озуп өттү» деген маалыматында Европа Биримдиги жана Европанын эркин соода биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жалпысында автомобиль базары, быйыл январь-октябрь мезгилинде 8,2 пайыз өсүп, 11 миллион 926 миң 134кө жеткенин белгилеген. Бул мезгилде автомобиль сатууларынын 31,4 пайыз өсүү менен 548 миң 582ге жогорулап, Түркия бул сан менен Европа өлкөлөрүнүн арасында алтынчы орунда турганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар