Түрк басма сөзү 16.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

417779
Түрк басма сөзү 16.11.2015


«Йени шафак» гезити «Уюшкан террорго каршы так мамиле жасайлы» деген макаласында дүйнөнүн эң күчтүү лидерлери Антальядагы Чоң жыйырмалыктын саммитинде жолугушкандарын жазган. АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушкан президент Режеп Таййип Эрдоган: «Уюшкан терроризм түшүнүгү менен бетме-бет келген абалдабыз. Мамилебиз Чоң жыйырмалыктын саммитинде так сөздөр белгиленет деп ойлоймун»,-деди. Эрдоган Обама менен Сириядагы террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүү темасын карагандарын белгилеп: «Үлгү өнөктөштөр жана стратегиялык өнөктөш катары мындан кийинки процессте да тилектештигибизди дүйнөлүк тынчтыкка салым кошуу үчүн чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Европа жаңы мезгилде эркиндик-коопсуздук тең салмагын түзө алабы?» деген макаласында Париждеги террордук кол салуулардан кийин Франциянын террорго каршы күрөшө турганын билдириши жана өзгөчө кырдаал жарыялашы, батыштык өлкөлөрдө коопсуздук саясаттары кайрадан күн тартибине коюлганын жазган. 11-сентябрь кол салууларынан кийин коопсуздук чара көрүүлөрүн күчөткөн АКШ сыяктуу Франциянын да ушул эле ыкманы колдонуп же колдонбой турганы белгисиз. Катуу чара көрүүлөр дүйнөлүк терроризмге бөгөт коебу? Же болбосо эң көп эркиндик жана Европанын каалгасындагы баш калкалоочуларга таасир тийгизеби? Адистер эркиндиктер темасында пикир келише албаса да баш калкалоочуларды оор күндөр күтүп жаткандыгы темасында бирдей пикирде.

«Сабах» гезити «EURO-2016 жоюлбайт» деген маалыматында EURO-2016нын жоюла тургандыгы жөнүндөгү айтымдарга турнирдин комитет төрагасы Жак Ламберттин жооп кайтарганын билдирген. Париж окуяларынан кийинки коопсуздук санаркоосун түшүнүп турганын белгилеген Ламберт: «Бирок булардын баарына карабастан EURO-2016ны жоюу террористтердин оюнун ойногон болот»- деп айтып, мындай жолду ойлобогондорун сөз кылды.

«Стар» гезити «Түркияга колдоону арттыруу керек» деген макаласында Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында маалымат жыйынын өткөргөн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун: «Сирияга байланыштуу саясий келишимдин түзүлүүсү эң маанилүү пландарыбыздын бири болушу зарыл»-дегенин жазган. Пан Ги Мун баш калкалоочуларга каалгаларын ачкан Түркия менен Ливанга көрсөтүлгөн колдоонун сөзсүз арттырылуусу керектигин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар