Түрк басма сөзү-15.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

417445
Түрк басма сөзү-15.11.2015

«Стар» гезити «Чынчылдык сынагы» аттуу макаласында Ирак жана Сирия баштаган аймактык башкаруу боштугунан пайдаланып, кагылышууларды өз мүмкүнчүлүгүнө айландырган террор, бул ирет Европанын көкүрөгүнө түшкөнүн жазган.
Гезит Парижде 10 ай мурдагы «Шарли Эбдо» кол салуусунан кыйла чоң кыргынды салган ДЕАШтын бул кыймылы Антальядагы Чоң жыйырмалык саммитинин дароо алдында болушу көңүлдөрдү бурганын маалымдаган.
Гезит эми эң маанилүүсү дүйнөлүк лидерлер кандай чечим чыгара турганы, террорго каршы чынчыл болгондорун да көрсөтө алышабы деген серебин салган. Чоң жыйырмалыкка кожоюндук кылган президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Барак Обама, Орусиянын президенти Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркель баштаган конок лидерлер менен Сирия жана террорду талкуулайт, бөлүүчүлүк кылынбастан жапырт күрөшүүнү талап кылат.
«Сабах» гезити ОЕСD Түркияны мактады» аттуу маалыматында экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ОЕСD) баш катчысы Ангел Гурриа, Түркиянын Чоң жыйырмалыктагы алдыга койгон «камтуучулук», «ишке ашыруу» жана «инвестиция» темалары ОЕСDнин планына толук шайкеш келгенин белгилегенин жазган.
Гезит Гурриа, «Түркия, жумуш күчү жана тең мүмкүнчүлүктөр сыяктуу социалдык күн тартипти башынан бери өзүнө милдет кылып алды. Өсүүбүзгө олуттуу түрдө таасир берген факторлор катары теңсиздиктин нравалык, ахлактык, социалдык, саясий жана экономикалык жыйынтыктарына токтолду»-дегенин баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Сириялыктарды кучак жайып тосуп алганыңыздар үчүн ыраазыбыз» деген маалыматында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Чоң жыйырмалыктын саммити үчүн Антальяга келээрден мурда «Хүррийет» гезитине берген жарыясында 2,2 миллион сириялыкты кучак жайып кабыл алганы үчүн БУУ жана Эл аралык коомчулуктун Түркияга ыраазы болгонун айтканын жазган.
Гезит Түркия өкмөтү жана калкынын ушунчалык көп баш калкалоочуну кабыл алып жана аларга жардам берип, көрсөткөн жоомарттыгы чындап эле мактоого арзырлык болгонун белгилеген Пандын: «Сирия маселесине аскердик кийлигишүү менен чечим табылбай турганына байланыштуу көз карашым өзгөргөн жок»-дегенин баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Жергилктүү учак «Доган» чыгаарына саналуу гана күндөр калды» аттуу маалыматында Самсунда 19-Май университетинин авиация жана космостук технологияларын изилдөө борбору тарабынан чыгарылган, жаңы учак моделинде долбоорлонгон Догандын коопсуздук жана жүктөө сыноолору ийгиликтүү болгонун белгилеген. Гезит эки кишилик «Доган» учак, 180 ат күчүндөгү мотору менен саатына 277 км ылдамдыкка чейин учат жана 200 чакырым бийиктикке көтөрүлө алат.
«Хабер түрк» гезити «Сөзсүз бий жана акробатика» аттуу макаласында канадалык цирк тобу Жети бармак (Les 7 Doigts de la Main) акробатика, бий, театр жана музыканы ашканага алып барып «Ашкана жана жалган жалаалар» аттуу иш-чарасы менен 23-27-декабрдын арасында Стамбулда көрүүчүлөрдүн назарына чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар