Түрк басма сөзү-12.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

416139
Түрк басма сөзү-12.11.2015

«Йени шафак» гезити «ПЙД-ПКК-ДЕАШ Дамаск паласта» аттуу макалада 7-июндан кийин бир убакта террордук кол салууларын баштаган ПЙД жана ПКК менен ДЕАШтын ортосундагы карым-катнашты иликтеген чалгындоо бөлүмдөрү, издеп жүргөн изди Сириянын борбор шаарындагы Дамаск паласта тапканын жазган.
Гезит Асад режиминин май айында уюмдардын башкаруучулары менен 4 күн бою бул отелде жыйын өткөргөнү белгиленгенин маалымдаган. Асад башкаруучулугу Түркиянын ички динамикаларына бомбалуу кол салуулар менен багыт бергиси келди. Бул саясатка энергетика багыттары үчүн колдоо көрсөткөн Орусия болсо Асадды жана ПЙДны ошол убактарда Москвада тосуп алган эле.
«Стар» гезити «АКШ, ПЙДга автономияны унуткула деген буйрук берди» деген маалыматында мындан мурда ЙПГга курал бере албай турганын жарыялаган АКШ, бул ирет ПЙДны да автономия аракетине кирбөө чакырыгын салганын жазган.
Гезит АКШ бийлигинин «мындан мурда да эскерткенбиз» деп айтканын баяндаган. АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Марк Тонердин жарыясында ДЕАШка каршы күрөштө ПЙДдан дагы эле пайдаланылганын билдирип, буга карабастан Сириянын түндүгүндө автономия түзүлүшүнө уруксат берилбей турганы сөз кылынды. ПЙДны эми АКШ курал менен камсызбадай турганын кайталаган Тонер: «ПЙДга колдообуз темасында ар дайым так болдук. Таасирдүү болушту. А бирок алардын кандайдыр бир жарым автономиялуу аймак куруусун каалабаганыбызга байланыштуу айрым эскертүүлөрбүздү да сүйлөштүк. Сириянын биримдиги жана жеринин бүтүндүгүн урматтообуз уланууда»-деди.
«Хүррийет» гезити «Чоң жыйырмалык кулактандыруусу» аттуу маалыматында Антальяда 15-16-ноябрда дүйнөнүн алдыңкы лидерлери катыша турган Чоң жыйырмалык саммити үчүн атайын чаралар көрүлгөнүн баяндаган.
Гезит изделгендер тизмесинде орун алган ДЕАШтын теророристтеринин сүрөттөрү бардык коопсуздук бөлүктөрүнө жөнөтүлгөнүн, саммитте 12 миң полиция кызматкери орун алаарын, Антальяда номери жок унаалар ар дайым байкоого алынаарын, учак, автобус жана поезддерде жаран полициялар шектүүлөрдү байкай турганын маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Өнүгүү рапортунун алдында ЕБнен Түркияга жаман сунуш, баш калкалоочу темасында келишсек өнүгүү рапортун жумшартабыз» аттуу маалыматында ЕБ боюнча министр Берил Дедеоглу «Түркиянын өнүгүү рапортунун» алдында биримдиктин дипломаттарынын өзүнө сириялык баш калкалоочулардын Түркияда калышынын камсыздалышы менен дагы жөнөкөй рапорт жазууну сунуштаганын айтканын баяндаган.
Гезит Дедеоглу дипломат болбоонун мүмкүнчүлүгүн колдонуп дароо , «Кантип мындай нерсе болсун? Жазгыла, ким коркот. Жазгыла, биз ким болсок ошондойбуз» деп айттым. Комиссиянын төрагасы мага «Сиз катуу тартип койгон мугалим болгон окшойсуз» деп, бул сунуш экинчи күн тартипке келген жок»-дегенин баяндаган.
«Сабах» гезити «6 жылдан кийин эсеп-кысапта ашыкча болду» аттуу маалыматында жылдын экинчи чейрегинде 3,8 пайыз менен күтүүлөрдүн абдан үстүндө өскөн, тышкы соода таңсыктыгы 5,5 болуп жылдын эң төмөнкү чекитинде турганда, глобалдык рецессияга карабастан экспорттогу жоготуусун октябрда 1,5га түшүргөн Түркияга жакшы бир кабар да төлөмдөр эсебинен келгенин жазган. Анда 2014-жылдын сентябрь айында 2 миллиард 365 миллион доллар таңсыктыгы болгон эсеп-кысаптар, үстүбүздөгү жылдын тийиштүү мезгилинде мунай зат бааларындагы төмөндөөнүн таасиринен улам 95 миллион доллар менен 6 жылдык тыныгуудан кийин алгач ирет ашыкча болгонун баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар