Түрк басма сөзү-11.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

365402
Түрк басма сөзү-11.11.2015

«Стар» гезити «немис тышкы иштер министри: Түрктөр менен келишим түзүүгө аргасызбыз» аттуу макаласында Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер сириялык баш калкалоочуларга байланыштуу маселенин чечилиши үчүн Түркия менен келишим түзүлүшүнө кары чыккандар бар экендигин эске салып: «Дагы аз сандагы кишинин грек аралдарына өтүшү үчүн Түркия менен келишим түзүүбүз керек»-дегенин берген. Гезит Штайнмайердин бул темада ЕБнин башка альтернативасы болбогонун белгиледи.
«Хабер түрк» гезити «Лидерлерден авиашоу» аттуу маалыматында Антальяда боло турган Чоң жыйырмалык (G20) саммити жалгыз гана дүйнөлүк лидерлер менен эмес, алардын VIP учактары менен да көңүлдөрдү бураарын белгилеген.
Гезит акыркы технология менен жабдылган ондогон учактар коно турган Анталья аэропортун кудум эле учактар көргөзмөгө коюлган авиашоуго айланта турганын маалымдаган. Миллиондогон доллар баасындагы лидерлердин учактарынын көбүнүн Boeing 747 үлгүсүндөгү ири учактардан турат. АКШнын президенти Барак Обама түшкөн Boeing 747 үлгүсүндөгү учак, жерден асманга же асмандан башка жакка атылган дүрмөттөлгөн ракеталарды билип коюучу радар өзгөчөлүгүнө ээ. Лидерлердин учактары үчүн Анталья аэропортунда 60 учактык, күнүмдүк коноктор үчүн да 34 учактык токтоочу жай даярдалды.
«Сабах» гезити «Сомада 100 тонна алтын резервин таптык» аттуу маалыматында Түркияны толкунданткан кабар Манисадан келгенин жазган.
Гезит энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Али Рыза Алабоюндун Манисанын Сома районунда 100 тоннадан ашык алтын резервин тапкандарын жарыялаганын маалымдаган. Анда табылган резерв Түркиянын учурдагы потенциясынын 14 пайызына туура келээри, аймактагы изилдөөлөрдө айрыкча жез, коргошун, цинк кендерине да кездешилгени белгиленген.
«Йени акит» гезити «Согуксуу улуттук паркы тууралуу тасма рекордго жетишти» деген маалыматында Токой жана суу иштери министрлиги тарабынан даярдалган Анкаранын Кызылжахамам районундагы Согуксуу улуттук паркын тааныткан «Согуксуу боз талаадагы токой» аттуу тасма социалдык медиада 1 миллион 100 миң жолу көрүлгөнү орун алган. Full HD жана 4К форматында тартылган 5 мүнөттүк ролик, улуттук парктын өзгөчөлүктөрүн жана табиятын түшүндүрөт.
«Хүррийет» гезити «Алтын глобус кайрылуусу кабыл алынды» аттуу маалыматында Каан Мүждежи жазып башкарган алгачкы тасмасы «Сивас» 73-алтын глобус сыйлыктарына кайрылуусу кабыл алынганын маалымдаган.
Гезит 10-декабрда талапкерлер жарыялана турган Алтын глобустун сыйлык аземи болсо 10-январда өтөт. Ошол эле учурда быйыл оскар сыйлыктарында Эң мыкты чет элдик тасма номинациясында Түркияны өкүлдүк кыла турган «Сивас» тасмасынын башкы ролдогу кичинекей оюнчусу Доган Изжи, Лос Анжелесте уюштурулган Asian World Film фестивалынын башкы сынак бөлүмүндө калыстар тобунун атайын сыйлыгына ылайык көрүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар