Түрк басма сөзү-10.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

414818
Түрк басма сөзү-10.11.2015

«Йени шафак» гезити «Кургактык кыймылына жашыл жарык жагылды» аттуу макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглунун Чоң жыйырмалык саммитинин алдында ДЕАШка каршы биргелешкен кургактык кыймылына жашыл жарык жакканын жазган.
Гезит «CNN International» каналына маек куруп берген Давутоглгунун, Түркиянын АКШ баштаган коалиция менен бирге жакшы бир стратегия түзүлгөн учурунда ДЕАШка каршы кургактык кыймылына катышууга даяр экенин айтканын баяндаган.
«Стар» гезити «77 жылдан бери сагынуу менен» аттуу маалыматында Республикабыздын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрк көз жумганынын 77-жылында эскерилгенин жазган. Гезит саат 9дан 5 мүнөт өткөндө тревогалардын коштоосунда таазим кылынганын жана бүтүндөй Түркияда желектер жарымга түшүрүлгөнүн баяндаган.
«Сабах» гезити «Орус туристтери багытын Түркияга бурду» аттуу маалыматында Египеттен Орусияга бараткан жүргүнчү учганын кулап түшүшү жана ал өлкөгө болгон учак каттамдарынын жоюлушунун натыйжасында Орус тур операторлору багытты Түркияга бурганын маалымдаган.
Гезит үстүбүздөгү жылдын 10 айында 20 пайыз азайган орус турист санынын ноябрь жана декабрь айларында көбөйүшү күтүлгөнүн, ноябрь-декбарь айларында Антальяга келген турист саны 10 пайыз жогорулай турганын, учактарга күйүүүчү отун колдоосу уланган учурунда 2016-жылы да 2014-жылдагы санга жетилиши күтүлгөнүн баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Баш калкалоочу балдарга үй» аттуу маалыматында Түркия көрөр багары жок баш калкалаган балдарды коргоочу үй-бүлөнүн жанына бере турганын маалымдаган. Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министрлиги эч багар көрөрү жок түрдө Түркияга келген же киргенден кийин коштоочусуз калган балдарга карай «багар көрөрү жок балдар жобосун» даярдады. Буга караганда Министрлик балдардын пикирин угат жана түрк же өз улутунан бирөөнүн жанына берилишин камсыздайт.
«Хабер түрк» гезити «Түркиянын алгачкы  нур фестивалы Зорлу центрде» аттуу маалыматында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Эл аралык Нур жылы деп жарыяланган 2015-жылда Түркиянын алгачкы нур фестивалы Зорлу центрде өтөөрүн белгилеген.
Көздүн жооосун алган чыгармалары менен дүйнөгө таанымал 22 нур чеберин жолугуштуруп, Стамбулдагы Light Festival Zorlu Center, шаарды нур чачкан чоң искусство чыгармасына айлантат. 13-ноябрдан 29-ноябрга чейин улана турган фестивалда К23 чыгармасы орун алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар