Түрк басма сөзү 2.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

362036
Түрк басма сөзү 2.11.2015


«Йени шафак» гезити «Дүйнөлүк басма сөз Ак партиянын ийгилигин куттуктады» деген макаласында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жалгыз өзү бийликке келиши дүйнөлүк басма сөздө жаңырык тапканын жазган. Ак партиянын ийгилигин куттуктаган дүйнөлүк басма сөз шайлоонун жыйынтыктарына «Өзгөчө жеңиш» деп сереп салды. The Wall Strett Journal менен New York Times «Укмуштуудай артка кайтуу» баш сөзүн жазса, Европа басма сөзү «Ак партия маанилүү жана чоң ийгиликке жетишти»,- деди. Ливандын «Эс-Сафир» гезити болсо «Сириядагы өрт Эрдогандын шайлоолорун өрттөгөн жок» деп сереп салды. Ал эми Катарда арабча басылып чыккан «Эш-Шарк» гезити «Эрдогандын партиясы тарыхый жеңишке жетишти» деген серебин салды.

«Йени Акит» гезити «Элдердин демократиялык партиясы өзү казган чуңкурга өзү түштү» деген макаласында террордук уюм ПККга колдоо көрсөтүп кыргындарын айыптабаган Элдердин демократиялык партиясы шайлоодо жеңилүүгө учураганын жазган. Элдердин демократиялык партиясына «ПККнын өлкөдө хаос жаратуу үчүн казган чуңкуруна өзү түштү» деген сереп салуулар айтылды. Бир тараптан коалиция сүйлөшүүлөрүндө ар бир сунушка макул болбогон Улуттук кыймыл партиясы да чоң жеңилүүгө учурады. Шайлоодо түрк эли Улуттук кыймыл партиясына «каршы» добушун берди.

«Хабер түрк» гезити «7-декабрда ишеним добушу берилет» деген маалыматында Ак партияны жалгыз өзүн бийликке алып келген шайлоонун так жыйынтыктары 12-ноябрда жарыялана турганын билдирген. 17-ноябрда Парламент чогулат. Парламенттин биринчи иши ант берүү аземи жана парламенттин төрагасын шайлоо болот. Президент Эрдогандын парламенттин төрагалык кеңешин түзүү менен бирге өкмөт куруу милдетин Ак партиянын жетекчиси жана премьер-министр Ахмет Давутоглуна берүүсү күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «Алдыңкы план экономика» аттуу макаласында шайлоо атмосферасы басымдуулук кылган 2014-2015-жылдары экономикалык жактан төмөндөө болду деген иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү кечээки шайлоодон кийин жалгыз партиянын бийликке келишине, экономиканын кайрадан алдыңкы планга чыгуусу үчүн бир мүмкүнчүлүк катары баа бергендерин жазган. Кайрадан структуралык реформаларга багытталышы керектигин баса белгилеген иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү, шайлоонун жыйынтыктары базар экономикасын жандандыруусун жана инвестицияларды арттыруусун күткөндөндөрүн сөз кылышты.

«Стар» гезити Turkish Airlines Open-2015 гольф турниринин аяктаганын билдирген. 29-октябрда башталган турнир кечээки мелдештер менен аяктады. Антальянын Серик районунда өткөрүлгөн гольф турниринде француз гольфчу Виктор Дюбуиссон биринчи болду. 2013-жылы да чемпион болгон Дюбуиссон жалпы 1 миллион 116 миң доллардык сыйлыктын ээси болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар