Түрк басма сөзү 1.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

361491
Түрк басма сөзү 1.11.2015


«Хабер түрк» гезити «Эгейде баш калкалоочулардын себебинен зайтун бакчаларыбызга бара албай жатабыз» деген макаласында Чанаккаленин Мидилли аралынын дароо жээгиндеги айылдар, 1 жылдан бери Европага барууга аракет кылган качкын көчмөндөрдүн агымына дуушар болуп келе жатканын жазган. Жайкы эс алуучулар аймактан кеткенден кийин бул жерде качкын көчмөндөрдүн агымы ого бетер күчөдү. Чет өлкөлүк көчмөндөр эркин кыдырып жүргөн жээк айылдарынын тургундарынын тынчы кетти. Мурда эшиктерин бекитип жаткан айылдыктар кечкисин көчөлөргө чыга албай калгандарын айтып жатышат. Айылдыктардын эң чоң киреше булагы болгон зайтун бакчалары качкын көчмөндөр тарабынан басылып алынган абалда.

«Сабах» гезити «Байрак балдарга мамлекеттик коргоо» деген макаласында Диярбакырда алынып салынган желекти кайра илгендери үчүн террордук уюм ПККнын бутасында болгон балдардын толук камсыздала турганын жазган. Террордук уюмга мүчө террористтер тарабынан коркутулуп жаткандыктан үйлөрүнөн чыга албаган Эмирхан, Угур жана Мехметтин билим алуусун туруктуу улантуусу үчүн соттон «билим берүү чара көрүүсү» чечими чыгарылат. Балдардын аталары да толук камсыздоочу жумушка жайгаштырылат.

«Ватан» гезити «Түрк лирасынан 4 жылдын эң мыкты ийгилиги» деген маалыматында Түрк лигарасы октябрь айында доллар жана еврого карата 4,4 пайыз жогорулап, орто эсеп менен 4 жылдын эң ылдам жогорулоосун ишке ашырганын жазган.

«Йени шафак» гезити «Үй текстилинде максат алгачкы эки орун» деген маалыматында Түркиянын эң ийгиликтүү болгон секторлордун бири да үй текстили экенин билдирген. Кытай, Индия жана Пакистандан кийин дүйнөдө төртүнчү болгон Түркия, Иран базарындагы иш-чаралары менен эки баскыч жогорулап экинчиликти алууну каалап жатат. Бул максатка чоң салымын кошкон үй текстилинин жарманкесине 67 өлкөдөн келген фирмалар катышты. Дүйнөдөгү төртүнчү чоң жарманке 500дөн ашуун фирмага жетекчилик кылды.

«Стар» гезити «985 лира төлөп Таркандын концертин көрдү» деген маалыматында Таркандын мурдагы күнү кечинде Монакодогу Монте- Карло жылдыздар залында сахнага чыкканын билдирген. Ушул эле күнү Леди Гага да сахнага чыккан Эрмитаж отелинде өткөрүлгөн концертте Таркандын билеттери 290 евродон сатылды. 850 киши көргөн концертке Түркиядан да искусство жамаатынан айрым ысымдар катышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар